КМУДА ДЕКАНДАРДЫН ЧОГУЛУШУ БОЛДУ: АНДА ЭМНЕЛЕР АЙТЫЛДЫ?

  • 20.11.2019
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогикалык багыттагы факультеттери мектептер менен иш алып барууну күчөтөт. Мындай буйрукту окуу жайдын декандарына ректор тапшырды.

КМУДА ДЕКАНДАРДЫН ЧОГУЛУШУ БОЛДУ: АНДА ЭМНЕЛЕР АЙТЫЛДЫ?

Ар аптада өтчү жыйында университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов айрым декандар айтылган ишти убагында аткарбай жатканын сынга алып, андан тышкары учурда университеттин башкы имараты жайгашкан аянтчада жаңы заманбап шарттагы китепкана курулуп бүткөнү, аз күндө ал пайдаланууга бериле турганын маалымдады.

Студенттерге, окутуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөгөн жетекчи кышкы ызгаарда окуу жайдагы бардык имараттар жылуу болушун университеттин чарба админстративдик иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбековго милдеттендирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер