КМУ менен КЭУ академиялык кызматташтыкты сүйлөштү

  • 16.09.2025
  • 0
Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты Максатбек Койчуманов менен Кыргыз экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор м.а. Гүлназ Супаева жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты сүйлөштү.
2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде 15 студент жана 2-3 жаш окутуучуну академиялык мобилдүүлүк аркылуу алмашуу, биргелешкен экономикалык иш-чараларды өткөрүү жана эл аралык долбоорлорго катышуу сыяктуу багыттар талкууланды.
Мындай жолугушуулар эки жогорку окуу жайдын ортосунда байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт. (БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер