КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

  • 15.12.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов жана окуу жайдын бир катар өкүлдөрү Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектебине барып, абалы менен таанышып,  мектеп директору жана мугалимдер менен жолугушуп келди. 

2022-жылы  чыгаан окумуштуу,  «Алиппенин» автору, алгачкылардан болуп Ленинге кат жазган  Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы. Буга байланыштуу өлкөдө ар кандай маанилүү иш-чаралар уюштурулуп, залкар окумуштуунун эрдиги жана тарыхтагы орду эскерилет.

Тарыхый инсандын 140 жылдыгына алдына ала даярдык көргөн Кыргыз мамлекеттик университетинин жетекчилиги мектеп менен болгон буга чейинки кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдеп, окуу жайдын атынан жардам көрсөтүлө турганын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер