КМТУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ СЫЙ-УРМАТКА БӨЛӨНҮШТҮ

  • 05.10.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата бардык окутуучуларына сый акча берип, ишинде ийгилик жаратып, артыкчылык көрсөтө алган бир катар окутуучуларына сыйлыктарды тапшырды.  

КМТУнун  ОКУТУУЧУЛАРЫ СЫЙ-УРМАТКА БӨЛӨНҮШТҮ

Илимий, өндүрүш иштеринде жетишкендиктери, жаштарга билим берүүдө жана тарбиялоодо кошкон зор салымы, ак ниеттүү эмгеги үчүн “Слава Политеха” медалы жана беш миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен технология факультетинин деканы Джунушалиева Тамара, электромеханика кафедрасынын профессору Бочкарев Игорь сыйланды.

“КМТУга эмгек сиңирген кызматкер” наамы жана беш миң сом акчалай сыйлык окуу бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Жыргалбекке, №2 жатаканасынын коменданты Арзымбаева Дамирага, башкы инженер Нурматова Саидага ыйгарылды. Окуу жайдын Ардак грамотасы менен 17 окутуучу жана кызматкер сыйланса,  дагы бир катарына алкыш жарыяланды.

Окуу жайда жаңы курулган футболдук аянтчанын ачылышына, Университеттин күнүнө, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата  окутуучулар арасында футбол боюнча мелдеш дагы өткөрүлдү. Анда жалпы беш команда ат салышып, жыйынтыгында 1-орунду “Политех” спорт клубу, 2-орунду транспорт жана машина куруу факультетинин командасы,  3-орунду энергетика факультети жеңип алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер