КМТУДА РЕКТОР ШАЙЛАНДЫ

  • 16.12.2020
  • 0

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ректор шайланды. Шайлоо эки тур менен өтүп, жыйынтыгында  Мирлан Чыныбаев  жеңишке жетти.

КМТУДА РЕКТОР ШАЙЛАНДЫ

Окуу жайдын жетекчилик кызматы үчүн жети талапкер ат салышты. Биринчи турда бир да талапкер 50% жогору добуш ала албагандыктан 2-тур өткөрүлдү. Анда эң көп добуш алган Мирлан Чыныбаев (215 добуш) менен  Таалайбек Мааткеримов (94 добуш) ат салышып, натыйжада тагдыр ташы Мирлан Чыныбаевге ооп, жеңишке жетишти. Таалайбек Мааткеримов 256 добуш алса,  Мирлан Чыныбаев 288 добуш алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер