КМТУ дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарына кирди

  • 22.06.2026
  • 0
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети дүйнөдөгү эң абройлуу университеттик рейтингдердин бири болгон QS World University Rankings 2027 рейтингине кирди.
КМТУ дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарына кирди
TopUniversities платформасы жарыялаган рейтингдин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын беш жогорку окуу жайы дүйнөнүн ТОП-1500 университетинин катарына кирген. Алардын арасында өлкөнүн алдыңкы техникалык жогорку окуу жайы болгон КМТУ да бар.
QS рейтинги университеттерди академиялык абройу, иш берүүчүлөр арасындагы кадыр-баркы, илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугу, эл аралык кызматташтыгы жана билим берүүнүн сапаты сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча баалайт.
КМТУ дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарына кирди

Screenshot

КМТУнун бул рейтингге кириши университеттин билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктеринин, ошондой эле эл аралык деңгээлде таанылып жаткандыгынын айкын далили болуп саналат.
Университет мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий потенциалды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги позициясын чыңдоону улантат.
Бөлүшүү

Комментарийлер