КММАНЫН СТУДЕНТТЕРИ БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК ПЕДИАТРИЯЛЫК ФОРУМДА АЛДЫҢКЫ ОРУНДА

  • 24.05.2022
  • 0

19-20-майда И.М. Сеченов атындагы МММУда  студенттердин жана жаш окумуштуулардын үчүнчү Бүткүл россиялык педиатрия форуму болуп өттү.

Анын алкагында “Педиатрия виртуозу” аттуу эл аралык олимпиада өтүп,  КММАнын педиатрия факультетинин студенттеринин командасы “Baby Corp” ардактуу 2-орунга ээ болушту. Бардыгы болуп мыкты деген наам үчүн күрөшкө 31 команда катышты.

Команданын түзүмү: Абышев Жоодат, Бабаджанов Нурсаид, Джумагулова Айганыш, Кармышакова Назик, Ясынова Аида, илимий жетекчиси Сасаза Карина Рашидовна.

Бөлүшүү

Комментарийлер