ӨКМӨТ МАМЛЕКЕТТИК КРИЗИСТТИК БОРБОРЛОРДУ ТҮЗҮҮНҮ ПЛАНДАП ЖАТАТ

  • 20.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Сезим» кризистик борбору коомдук бирикмесинин реабилитациялык борборунун, социалдык турак жайынын жана кеңеш берүүчү кеңсесинин иши менен таанышты.

Вице-премьер-министр үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болуп, балдары менен реабилитациялык борбордо убактылуу баш калкалап, адистерден психологиялык кеңеш алып жаткан кыз-келиндер менен сүйлөшүп, зордук-зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш экенин түшүнүү керектигин белгиледи.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул жабырлануучунун гана эмес, жалпы коомдун маселеси. Зомбулуктун бул түрү кооптуу жана адам чыдагыс көрүнүш экенин түшүнүшүбүз керек. Негизинен үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү — аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер зомбулукка кабылып, жабыр тартат. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик институттардын жана барынан биринчи коомчулук өзү күрөшүүсү керек», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул мезгил талабы.

«Учурда өлкө аймагында «Зордук-зомбулукка каршы 180 күн» кампаниясы өтүүдө. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү комплекстүү иш-чаралардын планы бекитилген. Бул документте мамлекеттик деңгээлде иш алып бара турган кризисттик борборлорду түзүү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыз кылуу иштери каралган. Учурда иштеп жаткан өкмөттүк эмес — Бишкек шаарындагы «Сезим» жана Оштогу «Ак жүрөк» кризисттик борборлорун мамлекеттик деңгээлде иш алып баруусу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде иш жүргүзүү боюнча сүйлөшүп жатабыз. Бул борборлор үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча тажрыйбасы мол, ошондой эле инфраструктуралык түзүмү да даяр», — деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткарганын жана аткара берерин белгиледи. Анын айтымында, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында 2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашырган мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусунун тартибин, Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүнүн тартиби, ошондой эле Үй-бүлөсүнө зомбулук жасагандардын зордукчул жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялык программаларын киргизген. Буларга кошумча Өкмөт 2020-жылдын 13-январында “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтом чыгарган. Бул чечим менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектилердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталган жана  кошумча 5 штаттык бирдик киргизилген.

Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер