КИТЕПКӨЙ КУРСАНТТАР
- 18.09.2019
- 0
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында өткөн «Китепкөй Ала-Тоо» китеп окуу иш-чарасына Советтер Союзунун Баатыры Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин 2-курсунун тарбиялануучулары да катышты. Алар жаштар, студенттер менен бирдикте китеп окушуп, китеп окуу маданиятын пропагандалоого салым кошууда.
Аталган долбоордун максаты — жалпы элди китеп окууга үндөө менен элдин маданияттуулугун, билимин, аң-сезимин өркүндөтүү, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китеп тартыштыгы жана китепканалардын маселесин чечүү болуп саналат.
КИМК Басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер