КИТЕП ТОЙДО УСТАТКА ТЕМИР ТУЛПАР ТАРТУУЛАНДЫ
- 15.03.2021
- 0
13-мартта Жалал-Абад шаарында КИТЕП ТОЙ болду. Бул өзгөчө салтанаттын шаӊын арттырган дагы бир жаӊылык – «Энелер мектебин» негиздеген Гапыр Мадаминовго жеӊил машине тартуулангандыгы.
— Конок катары чакырылган мамлекеттик жетекчилер, кесиптеш журналисттер тарыхта биринчи жолу иш чара башталгандан баштап, акырына чейин катышып , баарыбызды таңыркатты. Орун жетпей, 5-6 саат бир орундан жылбай, тик туруп уккандар арбын болду. Семинар жүрүп жаткан учурда, телефон чукуган, жанындагысы менен кобурашкан кишилер болгон жок, — деп жазды өзүнүн фейсбуктагы барагына журналист Уулкан Кожоева.
Китепкөйлүк маданиятын жайылтууга арналган тойдун аягында ушул күндөрү Жалал-Абад облусунда таалим сабактарын өткөрүп жаткан Гапыр агайга «Дост курулуш» компаниясынын башкы деректири Түгөлбай Сейдалиев унаа белек кылды… Машиненин ачкычын ЖалалАбад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков салтанаттуу түрдө тапшырды.
Комментарийлер