КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР  ҮЧҮН — “КИТЕП ЖАРМАНКЕСИ”

  • 16.02.2021
  • 0

16-февралда Ош технологиялык университетинде “Китеп жарманкеси” өттү.

Бул саамалык “Китепкөй  ОшТУ” долбоорунун  алкагында окуу жайдын “Ыктыярчылар” тобу жана “Студенттик акыйкатчы” аппараты тарабынан уюштурулду. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлгөн иш-чара кечки саат 16:00го чейин өтүп, көптөгөн китептер өз окурмандарын тапты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер