«КИТЕП КУРЖУН» САЯКАТКА ЧЫКТЫ

  • 10.02.2023
  • 0

«КИТЕП КУРЖУН» САЯКАТКА ЧЫКТЫ

Тогуз-Торо районундагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө жайгашкан 3-Арал китепканасы «Китеп куржун» аттуу иш-чарасын өткөрүү үчүн старт алды.

USDA Мак Говерн-Доул программасынын алкагында МЭРСИКО уюмунан берилген балдар үчүн адабияттарды жайылтуу максатында Жалал-Абал облусунун китепканалары иш-чара түзүп, анын ичинде Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагындагы Арал айылдык китепканасынын башчысы Бурул Чолпонкулова дагы өз ишин жүргүзүүдө.   Аталган иш-чараны коомдук китепкана мектеп менен биргеликте бир жуманын ичинде өткөзмөкчү.

«КИТЕП КУРЖУН» САЯКАТКА ЧЫКТЫ

     «Китеп куржуну» эстафетасынын шарты абдан кызык: ичинде бир же эки китеби бар «куржун» эстафетада бир үй-бүлөдөн экинчи үй-бүлөгө «саякат кылат». Бала китепканадан үй-бүлөлүк же жеке окуу үчүн 5-7 күнгө китептерди алып кетет. Алар китепти куржунга салып окугандан кийин башка үй-бүлөгө өткөрүп берүү керек. Бул убакыттын ичинде бүт үй-бүлө китеп окуп, «Окурман күндөлүгүн» толтуруп, эстафетага катышуу боюнча чакан фоторепортаж жасашат. Китепканачы эжекени сөзгө тартып, үйдө иштебей отурган ата-энелер менен кантип иш алып барасыз деген суроого төмөнкүдөй жооп алдык:

    — Айыл жеринде жумушу жок, чарба менен гана чектелген үй-бүлөлөр көп. Алар китепканага келип китеп деле окубайт. Бирок алар менен иш алып баруу үчүн, алгач жаш, көп балалуу үй-бүлөлөрдү белгилеп алам. Алардын дарегин жана телефон номерин тактайм. Сүйлөшүп, кандай темалар, кандай китептер кызыктырарын аныктап алып, ошол багыттагы же жактырган авторлорунун китептерин топтоп, куржунга салып, ошол үйгө эстафетаны берем. Жакынкы планымда Абдыкеримова Миргүл деген жаш Баатыр энеге “Китеп куржун” тапшырууга даярданып жатам. Бул келинди тандаганымдын себеби да бар, анткени биринчиден аз камсыз үй-бүлө, экинчиден бул бүлөнүн балдары мектепте жакшы окуйт, бирок чарбалык иштердин көптүгүнөн колдору бошобойт, — дейт Бурул эже.

Эстафетаны китепканачы башталгыч класстын мугалимдери менен биргеликте дагы өткөрөт. Айта кетсек, Бейше атындагы орто мектебинин 1-б классынын класс жетекчиси Залкарбек кызы Адинайга окуучуларды китеп окууга тартуу жана кызыктыруу максатында «Китеп куржун» тапшырылды. Сырдуу куржундун ичине балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу сүрөттүү китептер, Байчечекей журналдары салынган. Китепканачы балдарга куржундагы китептерди көргөзүп, тааныштырып өттү. Ал эми класс жетекчиси Адинай Залкарбек кызы окуучуларга кызыктуу жомок окуп берди. Эми балдар “куржунун” башка класска өткөрүп берет.

 -Китепканага келген китептер менен тааныштыруу, калк арасында жайылтуу жана китеп окууга тартуу ишинде мага өзгөчө мектеп окуучулары менен иш алып баруу кызыктуу болду, анткени балдар эмне жөнүндө окуганын биринен-бири талашып айтып бергени кубандырат, — деди ал.

«КИТЕП КУРЖУН» САЯКАТКА ЧЫКТЫ

Балдарга китепти үн чыгарып окуу үчүн ата-энелер же белгилүү адамдар коомдук жана мектеп китепканаларына чакырылып турат.

     — Айылдагы үй-бүлөлөр, жаш келиндерди балдары менен бирдикте “Китепти өз колу менен жасоо” долбооруна катыштырайын деген максатым бар. Албетте ата-эне өздөрүнө кошуп балдары чыгармачылыкка аралаштырган жакшы үлгү. Каникул учурунда балдар ата-энелери менен бирге китеп окушат жана окуган китептин негизинде өз колдору менен китеп жасашат. Андан кийин бул китептер көргөзмөгө коюлат, — деп Б.Чолпонкулова келечектеги иштери  менен бөлүштү.

Айнура Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер