КИТЕП БИЗДИ ӨЗГӨРТТҮ

  • 31.10.2022
  • 0

Редакцияга Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин директордун орун басары Алтынай Тиллабаевадан бизге кат келди:
— 2017-жылдан бери салтка айланып калган китеп окуу сынагыбыз быйыл 28-октябрь күнү сиздин «Билим — бакыт канаты» китебиңиз боюнча болуп, ага 22 мугалим кызыгуу менен катышты. 40 суроолуу тестти аткарууга 30 мүнөт убакыт берилди.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды: 1-орун — 3000сом, 2-орун — 2000 сом, 3-орун — 1000-сом, 4-орун — 700 сом, 5-орун — 500 сом.
Бул өзгөчө жарышка дилгирлик менен катышкан мугалимдердин бири Гүлназ Сүйүнованын сөзүнөн:
«Кутман кеч, жалпы китеп сүйүүчүлөр, ардактуу агайыбыз Асылбек Мадалиев жана кураторубуз алтындай болгон эжекем Алтынай. Баарыңыздарды куттуктаймын! Мен бул китепти окуу мен чет өлкөгө барып келгендей болдум. Билим сандыгымды толтурдум, дүйнө таанымымды өстүрдүм. Менин алкышымды Дүйшөн Шаматов агайыма жеткирип коюуңузду суранам.
Өтө сонун жазылган агайымдын китебине, мугалимдерге дем берген идеяларына ыраазымын. Агай ишиңизге ийгилик каалаймын! Чет жерде жүрсөңүз да бизди колдоп жатасыз, рахмат! Бар болуңуз!
Китеп мага аябай жакты. Бул китептен көп сабак алдык. Ийгиликке жол ачкан ажайып сунуштар бар экен. Сиз чет өлкөгө барып өзгөрүп келсеңиз, биз сиздин китепти окуп өзгөрдүк».

КИТЕП БИЗДИ ӨЗГӨРТТҮ

Сүрөттө: оӊдон солго — мектеп директору Салимбай уулу Адилет жана Саттарова Жумагүл, Абдраимова Орозгүл, Усарова Мавлюда, Сунатилла кызы Элмира, Пулатова Жазгүл, Тиллабаева Алтынай, Эргешова Назгул, Алдашова Канаат, Абдыразакова Өмүркан.

Өз кабарчы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер