КЭУДА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖУМАЛЫГЫ

  • 04.12.2018
  • 0

Кыргыз экономикалык университетинде колдонмо математика жана маалымат технологиялар институту тарабынан “Маалымат технологиялар” жумалыгы өткөрүлдү.

Жума ичинде Бизнес информатика, Экономика жана сервис колледжинин колдонмо информатика багытында билим алган студенттерге КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу ишканаларга жана КР Улуттук илимдер академиясындагы Маалымат технологиялар борборуна экскурсиялар жүргүзүлдү. Экскурсияда студенттер мыкты адистерден лекцияларды угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты. КР Президентинин санариптик трансформация боюнча кеңешчиси Дастан Догоев студенттерге  “Ачык маалыматтар” долбоорунун келечеги, пайдасы тууралуу айтып берди. Студенттер болсо ал жактагы заманбап технологиялар, программалык жабдыктар менен таанышып чыгышты.

Жума бою университетте конок лекциялар оюштурулуп, КР Digital-CASA долбоорунун менеджери Аида Шаршеева “Орто Азия жана Түштүк Азия, Кыргызстан” жана Улут-Софт ЖЧНнын жетекчиси Мирбек Окенов “Кыргыз тили маалымат доорунда” аттуу лекциялары менен университеттин окутуучулар курамына, студенттерге санариптик технология боюнча пайдалуу, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды берип кетишти.

Жаш ишкер, “Nanospace” ЖЧКнын генералдык директору Улан Саламатов “Бизнес жана өз алдынча өнүгүү” лекциясы менен заманбап технологиялар тармагында кантип бизнести алып кетүү керек экендигин өз тажрыйбасында айтып берди жана ишкер болууну каалаган жаштарга өзүнүн жардамын берерин айтып, кошулууга чакырды.

Андан сырткары жумалыктын алкагында залкар жазуучу Ч.Т. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган студенттер арасында өткөрүлгөн “Айтматов маалымат технологиялар ааламында” видеороликтердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка улуу жазуучунун жээни Асан Ахматов катышып, көп иш-чараларда болгондугун жана мындай уюшулган руханий баалуулукту технология менен айкалыштырып жеткиликтүү жогорку дэңгээлде биринчилерден болуп  жаткандыгын баса белгилеп кетти.  Университеттин китепканасына, студенттерге Роза Айтматованын китеби тапшырылды. Сынакта ийгиликке жетишкен тайпалар диплом жана демөөрчү тарабынан уюшулган акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алдыңкы орунга ээ болгон видеороликтер КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясына жөнөтүлдү.

Колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу М.А Темиров Java программалоо тили боюнча ачык сабак өткөрүп, ага кафедранын мүчөлөрү, окуу бөлүмүнүн адистери катышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер