КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЫНА ЖАРЫМ КЫЛЫМ

  • 07.12.2020
  • 0

 Жумаш Раимкулов атындагы № 67 – кесиптик лицейи ѳзүнүн 50 жылдык бай тарыхында өлкөбүздүн алдыӊкы окуу жайларынын катарын толуктайт. Бүгүнкү күндө 3 жылдык, 10 айлык жана 3 айлык кыска мѳѳнѳттѳгү жумушчу кадрларды даярдашып, башталгыч кесипке үйрѳтүүнүн сапатын жакшыртып, жумушсуздардын санын кыскартууга, социалдык кѳйгѳйлѳрдүн тѳмѳндѳшүнѳ зор салымдарды кошуп келишет.

Кыскача тарыхы

1969-жылы 1-сентябрда Араван районундагы №18 — айылдык кесипчилик –техникалык окуу жайынын филиалы болуудан баштаган. 1970 –жылдын 10 –ноябрында  Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен Гүлчѳ айылындагы № 22 -айылдык кесипчилик –техникалык окуу жайы болуп ѳзүнчѳ бѳлүнүп чыккан. Окуу жайына эски аскердик бѳлүктѳн калган имарат бѳлүнүп берилген. 1984 –жылы № 67 –кесипчилик –техникалык окуу жайы болуп ѳзгѳрүлгѳн.  Окуу жайдын ачылышына жана түптөлүшүнө, окуу материалдык –техникалык базасын чыӊдалышына эбегейсиз чоӊ салым кошкон директорлордун ысымдарын сыймыктануу менен айтууга болот. Алар Токторбаев Жусуп, Раимкулов Жумаш, Асанов Каныбек. Агайлардын ысымдары окуу жайында түбѳлүккѳ сакталат. Окуу жайында окуучуларга сапаттуу билим, тереӊ тарбия берүүдѳ усулдук иштерди жүргүзүп келген окуу жайдын директорунун орун басары Долонов Аданбай агайдын эмгеги зор.

Жумаш Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейи төмөнкү адистиктер боюнча даярдайт.

3 жылдык мѳѳнѳттѳ:

  • Токой чарбасынын устаты (токойчу)
  • Айыл чарбасынын устаты (фермер)

10 айлык мѳѳнѳттѳ :

  • Улуттук буюмдарды жасоочу уз жана тигүүчү
  • Электр жана газ менен ширетүүчү ,В,С категориясындагы автомобиль айдоочу
  • Электромонтер, В,С категориясындагы автомобиль айдоочу

Кыска мѳѳнѳттѳ даярдалуучу кесиптер:

  • Ашпозчу –кондитер
  • Тигүүчү
  • Кичи ветеринар –фельдшер
  • Электромонтер
  • Үй эмеректерин жасоочу уста
  • Электр жана газ менен ширетүүчү
  • Тракторист –машинист
  • Унаа оӊдоочу уста
  • В,С категориясындагы автомобиль айдоочу

3 жылдык жана 10 айлык мѳѳнѳттѳгү бүтүрүүчүлѳр диплом, аттестат, айдоочулук күбѳлүк менен камсыз болушат, кыска мѳѳнѳттѳ окуган окуучуларга сертификат берилет.

Дареги:  Алай району, Гүлчө айылы, Нарматов көч.№ 68     Тел. 0550162616, 0770636765

                                               Биздин милдет –квалификациялуу жумушчу адистерди даярдоо

Мурзалиев Жолдош,  Жумаш Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейдин директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек, Ишке орноштуруу жана Миграция министрлигинин, Ош облустук жана Алай райондук мамлекеттик  администрацияларынын, Ош технологиялык университетинин Ардак Грамоталарынын, Кыргыз Туусу гезитинин “Жылдын мыкты жетекчиси” дипломунун ээси, Алай районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүсүнүн мыктысы.

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЫНА ЖАРЫМ КЫЛЫМ

Мурзалиев Жолдош Карабаевич 1960 –жылы Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. Билими жогорку, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. 1978 –жылы Фрунзе шаарындагы финансы –экономикалык техникумун аяктап эмгек жолун Алай районундагы «Социализм»  совхозунда экономист болуп иштөөдөн баштаган. Алай районунун бир катар мекемелеринде инспектор, бөлүм башчы, башкы бухгалтер, башчы болуп эмгектенип,  1997 -2008 жылдары Ош технологиялык университетинин Алай гуманитардык — технологиялык колледжинде директор болуп эмгектенген. 2008 –жылдан бери   Жумаш Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейинин директору кызматын аркалап келет.

Ѳлкѳбүздүн  социалдык –экономикалык ѳнүгүүсүндѳ баштапкы кесиптик билим  берүү тутумунун орду чоӊ. Биздин милдет –эмгек рыногун жогорку    квалификациялуу жумушчу адистиктер менен камсыз кылуу болуп саналат. Аталган багытта биздин лицей чейрек кылым   эмгектенип келүүдѳ.

Башталгыч кесипке үйрѳтүүнүн сапатын жакшыртып, жумушсуздардын санын кыскартууга, социалдык кѳйгѳйлѳрдүн тѳмѳндѳшүнѳ зор салымыбызды кошуп келебиз. Биздин лицей 3 жылдык, 10 айлык жана 3 айлык кыска мѳѳнѳттѳгү жумушчу кадрларды даярдайт.

Бүгүнкү күндѳ 194 окуучу 7 тайпада билим алуу менен кесиптерди үйрѳнүп жатышат. Окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, акысыз 3 маал тамак, жатакана жана стипендия менен камсыз болушат. Акысыз медициналык жардам кѳрсѳтүлүп турат. Окуу жайыбыздын окуучулары кесип алуу менен гана чектелбестен республикалык, областтык деӊгээлде спорттук –маданий иш чараларга  активдүү катышып, байгелүү орундарды багынтып келебиз. 2012 –жылы Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Жылдын мыкты мекемеси” наамына ээ болгон. Ал эми материалдык-техникалык базаны чыӊдоо максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Атап айтсак ЮСАИД, АВЕП, АКТЕД, АБР, МерсиКО сыяктуу чет элдик донорлор менен тыгыз иштешип келебиз, тагыраак айтканда  18607067,91 сомдук эмеректер, техникалар  жана ремонт иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен ЮСАИД уюмунун фермерден-фермерге долбоору менен ийгиликтүү иштешип, ар жыл сайын Америка Кошмо Штаттарынан айыл чарба тармагында эмгектенген жогорку квалификациялуу, айыл чарба багытындагы адис Кармен Байс, Даниель Флаферти, Мухаммад Абдулла аттуу ыктыярчылар фермер тайпасындагы окуучуларга малдарды асылдандыруу, кѳбѳйтүү, ветеринардык кароо жүргүзүү боюнча шык билимдерин кѳрсѳтүп кетишти. Жогорудагы аталган долбоорго чоӊ ыраазычылык билдирүү менен кызматташтыгыбызды мындан ары да уланта бермекчибиз. Ошондой эле ЮСАИД уюму тарабынан окуучулардын ѳндүрүштүк окуусун жана практикасынын сапатын жакшыртуу максатында 850,000 сомдук күнѳскана курулду.

Жогоруда айтылган ийгиликтер инженер-педагогикалык жамааттын эбегейсиз эмгегинин натыйжасы экендиги талашсыз. Бүгүнкү күндѳ окуу жайда 60 кызматкер эмгектенет.   27 инженер-педагогикалык кызматкери жаштарды кесипке окутуп үйрѳтүүдѳ окуу процессиннин эффективдүүлүгүн  жогорулатуу багытында бир топ  алгылыктуу иштер аткарып келишет. Теориялык  сабактардын жана ѳндүрүштүк окутуунун сапатын жакшыртуу  максатында жаӊы технологияларды колдонуу менен интерактивдик  жана инновациялык усулдарды  колдонууга ѳзгѳчѳ  кѳӊүл бурулуп, окутуучулардын жана ѳндүрүштүк  окуунун устаттарынын кесиптик  компетенттүүлүгүн калыптанышына  толук шарт түзүлгѳн. Райондун алыскы жана жакынкы аймактарынан  заманбап кесиптерге ээ болууну каалаган жаштардын саны күндѳн-күнгѳ  артууда жана аларга татыктуу тарбия беришип, кыйынчылыктарга  карабай жигердүүлүк менен эмгектенип жаткан кесиптик лицейдин жааматы  менен бүгүнкү күндѳ 15 000 ден ашык квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгардык. Биздин бүтүрүүчүлѳр кесиптик билим алуу менен гана чектелип калбастан республикабыздын жогорку окуу жайларында, Россия Федерациясында, Египет мамлекеттеринде билимдерин жогорулатып жатышат. Биздин окуу жай ар бир кесиптик билим алам деген инсандын билим берүүгѳ болгон суроо талабын канааттандырууга, заманбап кесип алуусуна, иш издѳѳчүлѳр  менен  жумуш берүүчүлѳрдүн ортосундагы бирден-бир кѳпүрѳ боло тургандыгына чоӊ ишеним артып келебиз.

Негизги максатыбыз –жалпы экономикабыздын өсүшүнө жетишүү

Абдылдаева Гүлмайрам,  Жумаш Раимкулов атындагы №67 –кесиптик лицейинин директорунун окуу –усулдук жана ѳндүрүштүк иштер боюнча орун басары. Кыргыз республикасынын кесиптик билим берүүсүнүн мыктысы, баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталарынын, «Жыл мугалими -2010» наамынын ээси.

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЫНА ЖАРЫМ КЫЛЫМ

Абдылдаева Гүлмайрам Арзыкуловна 1975 –жылдын  14 –апрелинде Ош облусунун Алай районундагы Сопу –Коргон айылында туулган. Мектепти күмүш медаль менен аяктаган соӊ, Бишкек Гуманитардык Университетин артыкчылык диплому менен бүтүргѳн. Кесиби боюнча орус тили жана адабияты мугалими. Кесиптик билим берүү тармагында 2007-жылдан бери эмгектенет. Окуу жайдын окуу усулдук иштерин уюштурууда, жакшыртууда компьютердик технологиялар жана санариптештирүү заманынын талабына ылайык окутуунун инновациялык усулдарын сабактарда эффективдүү пайдалануу сыяктуу бир топ кѳйгѳйлүү маселелердин үстүндѳ үзүрлүү эмгектенип келет. Бул жумушту аркалоо менен окуу жайда эмгектенген жаш мугалимдердин, устаттардын ар кандай кароо сынактарга катышуусун камсыздап, алардын тажрыйбаларын арттырууга кѳмѳктѳшүп келет.

Кесиптик билим берүү тармагында эмгектенген ар бир кызматкерге билим берүүнүн сапатын жогорулатып гана тим болбостон, мамлекетибиздеги жумушсуздардын санын кыскартууга, социалдык кѳйгѳйлѳрдүн тѳмѳндѳшүнѳ, эмгек рыногун кесипкѳй жумушчу адистиктер менен камсыздоо, ѳндүрүштүн кѳлѳмүн кѳбѳйтүү жыйынтыгында жалпы экономикабыздын ѳсүшүнѳ жетишүү – негизги милдетибиз. Чейрек кылым тарыхы бар окуу жайыбыздын эмгек жааматын 50 жылдык маарекеси менен куттуктайм жана жааматтын түйшүктүү кызматына чоӊ ийгиликтерди каалайм.

 Окутуунун сапаты жакшырып, заман талап кылган кесиптерге  к­­­өнүл буруудабыз

Абакиров Гүлчоро, -Жумаш  Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейинин директорунун  окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, Гүлчө айыл өкмөтүнүн, Ош билим берүү иниститутунун, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталарынын ээси.

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЫНА ЖАРЫМ КЫЛЫМ

 Абакиров Гүлчоро Жамбулбекович   1987-жылы 10-июлда  Алай районуна  караштуу Гүлчө айылында туулган. 2005-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап Ош мамлекеттик университетине тапшырып  2011-жылы математика, информатика кесибине ээ  болгон. Эмгек жолун баштаган № 6 — Б. Аданбаева атындагы мектепте мугалими болуу менен баштаган. 2010-2014-жж Гүлчөдөгү № 67 –кесиптик лицейде  математика мугалими болуп эмгектенген. 2014-2019-жж № 5 –Парманас атындагы орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, соц. педагог жана математика, информатика  кызматтарын аркалаган. 2019 –жылдан тартып № 67 –кесиптик лицейде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматында иштеп келүүдө.

Союз учурунда мугалим менен өндүрүштүк устат даяр окуу программалары, китептер, методикалык колдонмолор, көрсөтмөлөр жана башкалар менен камсыздалып турган. Окуу-методикалык комплекстердин бардыгы типтүү болуп, жекече демөөрчүлүк, чыгармачылык, өз алдынчалык, ийкемдүүлүк көп колдоого алынган эмес. Ал эми азыр ааламдашуу жана маалыматташуу процессинин таасири менен эгемендүү Кыргыз коомунун экономика, маданият жана социалдык чөйрөлөрүндө чон  ылдамдыкта  жүрүп жаткан өзгөрүүлөр биздин системанын алдына да башкача милдеттерди койду. Тактап айтканда өлкөнүн өнүгүү перпективаларына  туура келген кесиптик  тажрыйбага ээ болууга умтулган, кесиптик чеберчилиги жогору, заманбап техниканы өтө жогорку денгээлде колдоно алган, эмгек базарындагы атаандаштыкка жөндөмдүү, мекенчил, иш билги, ийкемдүү, чечкиндүү, туруктуу командада  иштей билген, өз алдынча ой жүгүрткөн, чыгармачыл, эмгекчил жумушчу кадрды жана  ишкер адамды даярдоо талап кылынууда.

Биздин тармак да  мезгил талабына жараша реформага дуушар болду. ­ ϴзүнүздөргө белгилүү болгондой мындагы максат кесиптик-техникалык  билим берүү системасын рыноктук мамилелердин негизинде өнүктүрүү болду. Анын негизинде эл аралык уюмдардын колдоосу менен кесиптик-техникалык билим берүү системасында инновациялык процесстер жүргүзүлүп, модулдук окутуу технологиясы кирди. Заман талабына жараша  иш алып баруу биздин кесиптик окуу жайда  жетекчибиз Жолдош Карабаевичдин  түрдүү  эл аралык уюмдар,  долбоорлор менен иштөөгө болгон жөндөмдүүлүгүнүн  натыйжасында тез эле колго алынды. Окуу жайдын материалдык –техникалык базасы заманбап жана оргтехникалар менен жабдылды. Окуу жайдын мугалимдери, устаттары атайын курстардан өткөрүлүп,   чет өлкөлөрдөн келген валантёрлор менен тажрыйба алмашууда.  Жыйынтыгы жаман болгон жок.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө ар кандай шарттарда  жана  кыйынчылыктарда  туура жолун таап  кете алгыдай,  коопсуз жана ынгайлуу  шарттар түзүлдү. Заман талабына жараша  жашоонун баардык тармактарындагы  адистердин билими, билгичтиги, көндүм адаттары, компетенциялары, мотивациясы жана эмоционалдык интеллекти заманыбызга  жараша калыптанды.  Тактап айтканда  биздин окуу жай  алар үчүн  XXΙ –кылымда  жашап кетүүгө мүмкүндүк жараткан   алтын ачкыч болуп калды.

Биздин максат –калкты, анын ичинде жаштарды  кыска мөөнөттө иш менен камсыз кылуу.  Учурда коомчулукта да  аз убакытта  каалаган кесипке ээ болуп,  каражат табуу зарылчылыгы келип чыкканын  турмуш өзү далилдеп жатат.  Убакыт өткөн сайын  окуу жайыбызда бир топ  жакшы өзгөрүүлөр болууда.  Окуу жайыбыздын жана  жатаканабыздын ичи, сырттары заман талабына жараша  өзгөрүүдө.  Ар бир класстык кабинеттерге  кирсен  көргөзмө жана окуу куралдары  теориялык билим менен  практиканы  айкалыштырып турат.

Түрдүү темадагы конкурстар, спорттук оюн-зоок программалары өткөрүлүп, женүүчүлөр  окуу жайдын  Ардак Грамоталары, дипломдору жана башка баалуу сыйлыктарына татыктуу болушат.

Түйшүктүү кесипте  32 жыл  эмгектенип жаштарды шык билимге сугарган агай             

Жороев Абазхан,  Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик  билим  берүүсүнүн мыктысы.

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЫНА ЖАРЫМ КЫЛЫМ

Жороев Абазхан, 1957 –жылдын 19 –январында Кыргыз Республикасынын, Ош облусунун, Алай районуна караштуу Будалык  селолук Советинин,  Тамга –Терек  айылында карапайым адамдардын үй –бүлөсүндө туулган. 1964 –жылдын 1 –сентябрынан аталган айылдагы Карл Марс атындагы 8 жылдык мектептин 1 –классына кабыл алынып, 1972 –жылы аяктаган. 1972 – 1976-жылгары Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринардык техникумду ийгиликтүү аяктап, зоотехник кесибине ээ болгон. 1976 -1978 -жж Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, гвардиянын улуу сержанты наамын алган.  2000 –2004 жж ОМУнин тарых факультетин бүтүргөн.

Алгачкы эмгек жолун 1978-1988-жж Алай районундагы «Малдардын ооруларына каршы күрөшүү  станциясында» (СББЖ)  жайыттар боюнча зоотехник болуп эмгектенген. Бул мезгилде райондун мал чарбачылыгынын өнүгүшүүнө өзүнүн   салымын кошуп кенири тажрыйбага ээ боло алды.  1988 –жылдын сентябрь айынан ушул күнгө чейин. Алай районундагы Жумаш Раимкулов атындагы № 67 -кесиптик лицейде өндүрүштүк окуунун устаты, мугалим, 2004 –жылдан бери кесиптик билим берүү боюнча усулдук бирикменин жетекчиси, окуу чарбасынын башчысы болуп үзүрлүү  эмгектенүүдө. Өзүнүн иш тажрыйбасын окуу жайда эмгектенген мугалимдерге насаатчы катары  усулдук жардам көрсөтүп келет.

А. Жороев «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» адистиги боюнча жаштарга сапаттуу билим, терең тарбия  берүүдө. Өзүнүн педагогикалык чеберчилигин учурдун талабына ылайык жүргүзүп келет. Өз билимин өркүндөтүү максатында  1989 –жылы  Фрунзе шаарындагы «Бүткүл союздук мугалимдердин билиминин квалификациясын жогорулатуу иниститутунда»  (BИПК),  2011 –жылы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинде «Жаныбарларга ветеринардык кароо жүргүзүү»  боюнча модулдук окутуу багытында жана башка ар түрдүү кыска мөөнөттүү курстардын сертификатын  алган.

«Фермер-Фермерге» -аттуу ЮСАИДдин долбоору боюнча иш жүргүзүүгө катышкан. Окуу жайдын коомдук, чарбалык иштерине активдүү катышып, ар кандай жакшы иш аракеттердин  демилгечиси болуп, педагогикалык кенешменин катчысы, райондогу участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы, Алай аймактын шайлоо комиссиясынын төрагасы, Гүлчө айылындагы өзү жашаган жамааттын  менеджери кызматтарын абийирдүүлүк менен аткарып келет.

Көп жылдык үзүрлүү эмгектеринин натыйжасында  «1998 –жылы  жылдын мыкты мугалими» кароо сынагындагы ийгиликтери үчүн баалуу сыйлыктар жана Ардак Грамота,  2000 –жылы  «Жылдын мыкты өндүрүштүк окутуунун устаты»  кароо-сынагында биринчи орунду ээлегендиги үчүн  Ардак Грамота жана баалуу белектер менен сыйланган. 2002 –жылы «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагында «Женүүчү мугалим» аталып, кесиптик билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган.  Ушундай чыгармачылык  эмгектерин баалап кесиптик  лицейдин, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, Ош областык  башталгыч  кесиптик билим берүү башкармалыгынын, башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин, Миграция жана Жаштар министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган.

Жороев Абазхан жаш муундарга кесиптик билим берүүдө учур талап кылган инновациялык жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу билим, терең тарбия берүүнүн үстүндө  тынымсыз изденүүчүлүк менен иш алып барат.

“Ар  бир кесип ардактуу” –дегендей,  элет жериндеги жумушсуздарды  эмгекке  ийгиликтүү жайгашуусу жана  кирешелерин жогорулатуу үчүн  заманбап жана инновациялык кесиптик билим  алуу мүмкүнчүлүгүн кенейтүү долбоорунун алкагында  кесипке багыт берип, фермер адистигине  окутуу үчүн тынымсыз иш алып барат.

К.Д. Ушинскийдин “Мугалим үзбөй окуп турганда гана жашайт, окуусун токтотору менен андагы мугалимдик сапат өлөт” дегендей,  Жороев Абазхан өз билимин  учурдун талабына ылайык  алдынкы инновациялык жана интерактивдүү  окутуунун ыкмалары боюнча жана коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөр боюнча   тынымсыз  өз билимин өркүндөтүп турат. Замандын  талабына ылайык санариптештирүү технологиясынын  негизинде окуучулардын  билимин  жогорулатуу максатында  жогорку   квалификациялуу жумушчу кадрларды  даярдоого өз салымын кошо бермекчи.

Жумаш Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейдин ага устаты,   Абдыманап АМАТОВ.

«Кут Билим” газетасынын башкы редактору Кубат Чекиров жана жалпы редакциялык жамааты Жумаш Раимкулов атындагы № 67 –кесиптик лицейинин 50 жылдык мааракеси менен куттукташат. Окуу жайынын жалпы коллективине чың ден соолук, албан ийгиликтерди каалайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер