КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЛКӨНҮ ЖАШЫЛДАНДЫРУУДА

  • 05.04.2024
  • 0

Кесиптик лицейлер “бир окуучу-бир көчөт” республикалык акциясында активдүүлүгүн көрсөтүүдө. 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЛКӨНҮ ЖАШЫЛДАНДЫРУУДА

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т «Бир окуучу — бир көчөт» жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы № З35/1 «Табиятты сактайлы» иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ӨЛКӨНҮ ЖАШЫЛДАНДЫРУУДА

Аталган буйрукка ылайык жалпы республикадагы кесиптик лицейлер бул акцияга активдүү катышууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 16418 көчөт отургузулду. Тактап айтканда, Бишкек шаарында  2079, Чүй облусунда 1619, Ош облусунда 3827, Жалал-Абад облусунда 4261, Баткен облусунда 1714, Ысык-Көл облусунда 1500, Нарын облусунда 653, Талас облусунда 765 көчөт тигилди.

Апрель айынын аягына чейин дагы бир нече көчөттөр отургузулары пландалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер