КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЭКЗАМЕНДЕРДИ УЮШТУРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 11.03.2020
  • 0

Алдыңкы тажрыйба борборлору жана кесиптик лицейлер бүтүрүүчүлөр үчүн квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүүнү талкуулашты. Семинар Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын таркаткан маалыматына таянсак, иш-чарага Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин, Республикалык окуу-методикалык борборлорунун, Бишкектеги кесиптик лицейлердин, алдыңкы тажрыйба борборлорунун жана Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар алдыңкы тажрыйба борборлору менен лицейлердин кызматташуу формасын, 2020-жылы кесиптик компетенциялардын көз карандысыз тастыктоо элементтери менен квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү жана өндүрүштүк окутуу мастерлери үчүн окутуу курстарын уюштурууну талкуулашты. Ошондой эле алдыңкы тажрыйба борборлору менен кесиптик лицейлердин өз ара кызматташуу каражаты катары маалымат-коммуникациялык платформа көрсөтүлдү.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер