КЕСИПТИК БИЛИМ — ТАРЫХЫ ЖАНА Ж. ТОЙГОМБАЕВ

  • 30.10.2020
  • 0

2020-жылдын 28-29-октябрында  №17 –кесиптик лицейдин алдыңкы тажрыйба борбору болгон (ЦПО) Ош шаарындагы №16 –кесиптик лицейдин базасында Германия Эл Аралык кызматташтык коомунун «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» программасынын алкагында «Көз карандысыз сертификациялоо аркылуу кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» компоненти боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуунун устаттары менен практикалык иш жүзүндө үйрөтүүчү семинар өткөрүлдү.

КЕСИПТИК БИЛИМ - ТАРЫХЫ ЖАНА Ж. ТОЙГОМБАЕВ

Семинарга Баткен облусунун № 7, 8, 72, 73 –кесиптик  лицейлеринен беш устат, Жалал –Абад облусунун № 52, 60, 69, 77, 111 –кесиптик лицейлеринен алты устат, Ош облусунун № 16, 44, 59 –кесиптик лицейлеринен беш устат катышышты.

КЕСИПТИК БИЛИМ - ТАРЫХЫ ЖАНА Ж. ТОЙГОМБАЕВ

Семинардын негизги максаты өндүрүштүк окутуунун устаттарынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана көз карандысыз сертификациялоо элементтерин камтыган бүтүрүү квалификациялык экзамендерин уюштуруп өткөрүүнүн тартибин үйрөнүү болду.

Семинарга катышышкан «Тигүүчү» кесибинин устаттары эки тайпага бөлүнүшүп, биринчи тайпадагылары иш жүзүндө бычылган юбканы тигишти. Экинчи тайпадагылары аткарылган практикалык ишти эксперт катары баалашты. Семинар бардык санитардык –гигиеналык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү.

                                                                  Эгемберди УСУПОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер