КЕСИПТИК БИЛИМ: ОКУУЧУЛАР 83 МЛН СОМДОН АШЫК КАРАЖАТ ТАБЫШТЫ

  • 10.06.2025
  • 0

Өлко боюнча 93 кесиптик кесиптик лицей билим берсе, алардын 68 пайызы дуалдык окутуу ыкмасын ишке ашырууда. Тагыраагы, 71 лицей 170 ишкана менен кызматташып, 5000ден ашык окуучу практика өтүүдө. 2024-жылы алар биргелешип 83 млн сомдон ашык каражат табышкан. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өткөн маалымат жыйында агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

КЕСИПТИК БИЛИМ: ОКУУЧУЛАР 83 МЛН СОМДОН АШЫК КАРАЖАТ ТАБЫШТЫ

Ошондой эле министрдин орун басары кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 67% жумушка кабыл алынса, дагы 15% ишкерлик менен алектенерин белгиледи.

КЕСИПТИК БИЛИМ: ОКУУЧУЛАР 83 МЛН СОМДОН АШЫК КАРАЖАТ ТАБЫШТЫ
Учурда кесиптик билим берүү уюмдарында 26 миң окуучу билим алат. Алардын 16 500ү 2024-2025-окуу жылында 1-курска кабыл алынгандар.
93 кесиптик лицей 120дан ашык адистик боюнча окуучуларга билим берет.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер