КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

  • 04.06.2024
  • 0

Кесиптик лицейлерде кыска мөөнөттө эң керектүү кесипке даярдоого басым жасалат. Кыргызстандын ар бир аймагын камтыган уникалдуу кесиптик лицейлердин артыкчылыктарын КР билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул борбор калаабыздагы кесиптик лицей жетекчилери менен жолугушууда баса белгиледи.

Учурда Кыргызстанда 100 кесиптик лицейде 32 700 окуучу билим алат. 2022-жылдан бери кесиптик лицейлердеги үч жылдык билимди эки жылга кыскартылган.

— Баарыңыздарга жакшы маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров жумуш орундарын Кыргызстанда камсыздоо тапшырмасын берген эле. Аны аткарууда кесиптик-техникалык лицейлердин ролу чоң, себеби анда заманбап жумушчу кадрлар кыска мөөнөт аралыгында даярдалып чыгууда. Бизде бардык аймакты камтыган уникалдуу окуу жайлар системасы – бул кесиптик лицейлер болуп эсептелет, анткени ар бир райондун аймагында бирден, кээ бир жерлерде экиден бар. Алардын баары ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жана жарандардын муктаждыгына жараша кесиптерге даярдайт, — деди.

Министрдин орун басары белгилегендей, кесиптик лицейлерде өспүрүмдөргө эле эмес, жашы улуу, мурда башка кесиптин ээси болгон жарандарга да экинчи кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Б.а. колунда диплому бар жарандар кыска мөөнөттүү курстардан заман талабына же болбосо өзүнүн каалоосуна жараша кесиптерге ээ боло алат.

Расмий маалыматка таянсак, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы санынын ичинен окууну аяктагандан кийин 66% ишке орношот.

Кесиптик лицейлердин бүгүнкү абалын жана келечегин талкуулаган жыйынга ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, эксперт М.Абдыкапаров жана баш калаабыздагы № 99, №18, №3, №17, №97 кесиптик лицейлеринин директорлору катышты.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер