КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ

  • 27.05.2021
  • 0

26-майда Бишкек шаарындагы № 10 –кесиптик лицейинде “Билим берүү потенциялын өнүктүрүүнүн шарты катары социалдык өнөктөштү бекемдөө” тегерек столу уюштурулду.  Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана шаардын кесиптик лицейлеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

“Билим берүү потенциялын өнүктүрүүнүн шарты катары социалдык өнөктөштү бекемдөө” аталыштагы тегерек столундагы иш чарага  Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Кыштообаева, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Шеркулова, КР билим жана илим министрлигинин окуу тарбия иштери жана социалдык өнөктөш бөлүмүнүн башкы адиси Ирина Гордеева, Аламүдүн районунун мектептеринин жана Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринин директорлору катышышты.

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ

Иш чараны билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүдөгү бирдиктүү иш аракеттин башаты катары белгилесе болот. Мектеп баскычынан кийин кесипти туура тандоо аракетине коом, ата-эне, мектеп жана кызматкерлердин катышып талкуулоосу жакшы жыйынтык берээри анык. Кесипке багыт берүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү, кесипти тандап алуу үчүн окуучуларга колдоо көрсөтүү  боюнча өткөрүлгөн кеңешме өлкөнүн өнүгүүсүнө да шарт түзөт. Иш чарада окуучулардын кол эмгектери, мастер-класстар көрсөтүлдү. Кеңешменин аягында Аламүдүн районунун 34 мектеби жана Бишкек шаарынын 14 кесиптик лицейи жана 2 аймактык кесиптик лицейлери ортосунда кесипке багыттоо боюнча макулдашуу Меморандумуна кол коюшту.

Эгемберди УСУПОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер