“КЕЛЕЧЕКТЕ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУ УЛАНТУУ КЕРЕК”

  • 28.04.2020
  • 0

27-апрелде Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн конференция өтүп жатып жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну окуучуларга кошумча билим булагы катары киргизүү пландалып жатканын белгиледи. Министр каалаган окуучуга мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачыларын, ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактар сунушталарын дагы белгилеп өттү. Анда министрликтин келечекте көп тилдүүлүк, IT технология жана  түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн курстарды иштеп чыгуу максаты бар экендигин дагы кошумчалайт.

“КЕЛЕЧЕКТЕ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУ УЛАНТУУ КЕРЕК”

Министрликтин максатына жетүүсү үчүн албетте, технологияны жакшы билген мыкты мугалимдердин армиясы керек. Тилекке жараша, мындай мугалимдерден дагы куру эмеспиз. Жетекчиликтин демилгесин колдоого даяр мугалимдер редакциябызга кат жазып, түрдүү сунуштарды беришүүдө.   Алардын бири Ош шаарындагы №5 Ж. Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин информатика мугалими, шаардык медиа сабаттуулук секциясынын башчысы Кочорбаева Зухра. Он сегиз жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан бул агартуучунун сунуштарын толук бойдон берүүгө аракет кылдык.   

“Бул азыр актуалдуу маселелердин бири. Башка мамлекеттерге окшоп биз дагы мугалимдердин сайтын ачышыбыз керек. Ошол жакка ар бир мугалимге өздөрүнүн сабактарын жүктөгөнгө, предметтик онлайн олимпиадаларды өткөргөнгө, мугалимдердин билимин жогорулатканга, өз кабинеттерин ачып репетитор болуп иштегенге жол ачылмак. Мисалы, “Инфоурок” деген сайтты алсак, биздин мугалимдер ал жакка сабактарын жиберишип, апробациядан өткөзүп, сертификат алып жатышат. Ошол сабактар биздики, Кыргызстандыкы болсо кандай жакшы болот эле. Мугалимдерге сабагына материал издегенге, чыгармачылык менен иштегенге жол ачылат болчу.

Мектептерге кошумча адисти киргизүү керек. Мисалы, завуч ИКТ деп. Ал адам мугалимдердин компьютердик сабаттуулугуна жооптуу болмок. Азыр көбүнчө бул иш информатика мугалимдерине жүктөлгөн. Ал ишине акча төлөнбөйт. 30 саат жүктөм менен кошумча мугалимдерди дагы окутушуп, абдан чарчап, кыйналышат. Информатика мугалими тез-тез алмашып турат. Бул ишке чыдабай мектептен кетип калып жаткандары канча. Ошондуктан ушул багыттагы мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулушу керек, компьютер зыян болгондуктан, толугу менен зыяндуулугу үчүн  төлөнө турган акча дагы төлөнүшү керек.

Билим берүү министирлиги акыркы кезде көптөгөн платформаларды (iBilim, Билим Булагы, Mozaik, Медиа сабак) даярдап жатат. Ошолорду дагы колдоп,  өнүктүрүү керек.

Азыр мугалимдер биз күткөндөн да жакшы иштеп жатышат. Алардын өз кесибин, окуучуларды канчалык сүйөрүн, өз предметтеринде канчалык  компетенттүү экенин көрүп жатабыз. Ооба, мектепти, окуучуларды, сабактарыбызды абдан сагындык. Азыр жеке эле мугалимдердин эмес, окуучулардын да, ата-энелердин да чыгармачылыгы дистанттык окууда ачылды. Мурун ата-энени мектепке чакыралбай кыйналсак, азыр алар менен тыгыз иштешип жатабыз. Алар балдары менен кошо креативдүү, чыгармачыл көз караш менен тапшырманы аткарып жатышат.

Мугалимдер болсо канчалаган видеосабактарды даярдашып, бири-бири менен бөлүшүшүп, бири-бирине жардам беришип биримдиктүү экенин көрсөтүштү. Мурун көзгө көрүнбөгөн канчалаган  креативдүү мугалимдер өз ишин көрсөтө алды. Жаш мугалимдерге жол ачылды.  Мындан дагы активдүү иштегенге түрткү болду. Демек, келечекте дистантык окутууну  улантуу керек.

Даярдаган Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер