КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

  • 21.02.2019
  • 0

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети саат санап, күн сайын өнүгүүнүн үстүндө десек жанылышпайбыз. Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарууда көптөгөн илимий, маданий иш-чаралар Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналганына күбө болдук. Ал иштердин кээ бирине токтолсок, КЭУда “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, XXI кылымдын феномени эсептелген залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата иш-чаралар 2018-жылдын 30-октябрында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлыктын алкагында заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Аалам алпы Айтматов» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Жапаралиева билдирди.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

Аталган иш-чарага М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, профессор Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич, атактуу жазуучунун карындашы Роза Төрөкуловна Айтматова, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти, академик Абдылдажан Акматалиев, академик, философ Аскар Чукутаевич Какеев, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун директору, журналист Смальтбек Темирбеков, саясий жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, композитор жана акын Александр Николаевич Дашковский, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

Академик Абдылдажан Акматалиев улуу жазуучуга жолуккан мезгилин чыгармачылыгындагы урунттуу учурларды эскерип, залкар жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына илимпоз катары баа берип, дүйнөлүк шедеврлердин сап башында турарын айтып өттү.

Академик, философия илимдеринин доктору Аскар Чукутаевич Какеев Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлорду айтуу менен кыргыз элинин ордо оюнундагы абалакты Айтматовго, чүкөлөрдү дүйнө жүзүндөгү адам баласына салыштыруунун негизинде Айтматовдун ааламдык инсан экенин философиялык көз карашта далилдеди.

Иш-чарада КЭУнун 1-2-курсунун студенттери Ч.Айтматовдун «Бетме-бет», «Кылым карытар бир күн», «Биринчи мугалим», “Саманчынын жолу” чыгармаларынан үзүндүлөр кыргыз, орус, англис тилдеринде тартууланып, көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш айлантты.

 

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

Мамлекеттик тил боюнча жарыяланган республикалык үч айлыктын негизинде М.Рыскулбеков атындагы КЭУ республикадагы ЖОЖдордун ичинен суурулуп чыгып, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын белегине татыды.

“Тил-улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл эси. Тилсиз улут болбойт”- деп залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай тил күйөрмандарынын иштеринин жыйынтыгы чыгарылды.

Экономикалык адистиктеги окуу жай болгонуна карабастан, башка ЖОЖдордон, анын ичинен гуманитардык окуу жайлардан айырмаланып, КЭУнун мындай жеңишке жетиши мактоого арзырлык.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган улуттук конкурста да жогорку окуу жайлардын ичинен суурулуп чыгып атайын даярдалган сыйлыкка ээ болушкан.

 

   КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

   КЭУнун окутуучулары республиканын ичинде эле эмес, улуу держава болгон Москва шаарында иш чара уюштурушту.

2018-жылдын 12-декабрда Орусия мамлекетинде, Москва ш., “Высшая школа экономики” (ВШЭ) университетинде  улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маараке өткөрүлдү.

Бул иш чарага, Евразиялык Экономикалык комиссиянын жана ВШЭ программасынын алкагында Академиялык алмашуунун Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-өлкөлөр катышуучулары болушту.

Биримдиктин 5 мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү (Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия) өздөрүнүн эне тилинде жазуучунун чыгармаларынан кыскача үзүндүлөрдү окуп беришти.

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

Академиялык алмашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү “Ч.Айтматовду эскерүү күнүн” уюштуруучулары болушкан, атап айтканда, алар, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети,  Кыргыз Республиканын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институту ж.б. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен “Банк ишмердүүлүгү жана камсыздандыруу” кафедранын башчысы, Джаилова Асель Джумабековна бул иш-чаранын уюштуруучуу болуп катышкан.

Уюштуруучулар жазуучунун өмүр баяны жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөштү.  Ошондой эле, уюштуруучулар,  Москва шаарынын тургундары менен Флешмоб «Жазуучу Ч.Айтматов менен Сүрөт» өткөрүлгөн.

Ошол эле күнү, Юрий Кофнер, академиялык алмашуу долбоорунун жетекчиси жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндө эскерип кетти.

 

КЕЛЕЧЕККЕ КЕҢИРИ КУЛАЧ ЖАЙГАН КЭУ

2019-жылдын 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата республикалык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

«Мамлекеттик тилдин абалы: көйгөйлөрү, чечүү жолдору» аттуу республикалык студенттик илимий-практикалык конференция 2019-жылдын 21-февралында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде болуп өттү. Бул конференциянын негизги максаты 2019-жылдын 1-январынан Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгү мамлекеттик тилге өткөндүгүнө байланыштуу, студенттерге мамлекеттик тилдин маанисин, бүгүнкү күндөгү абалын түшүндүрүү менен чечүү жолдорун аныктоо болуп эсептелет.

Конференциянын катышуучулары КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Толукбаева С, КРнын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызтест” мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү.Ибраимовалар катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, көйгөйлүү маселелерге токтолушту.     Республиканын жогорку окуу жайларынан тандалып алынган 20 баяндаманын негизинде талкуу жүргүзүлүп, конференциянын өзөгүн түздү.  Бул иш чараны массалык маалымат каражатына жайылтуу максатында УТРКнын Ала-Тоо программасынан келип интервью алып кетишти.

Калыстар тобунун мүчөлөрү жыйынтыгын чыгарганча концерттик программа тартууланып, аягында жеңүүчүлөр аныкталып, 1-даражадагы диплом менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенти Ибрагимов Илияз “Манас” эпосунун мобилдик тиркемеси” аттуу баяндамасы менен айырмаланып, 2-даражадагы диплом менен Ашымжан уулу Сүйөр “Улуттун улут болуп сакталышы анын тилинен көз каранды” аттуу, 3-даражадагы диплом менен К.И.Скрябин ат. КУАУнун студенти Эрнис уулу Нурлан “Мамлекеттик тилдин келечеги жаштарда” аттуу баяндамалары менен чыгып сыйланышты жана андан сырткары кызыктуу китептер белекке берилди. Ал эми алардын илимий жетекчилерине “Ыраазычылык баракчасы” тапшырылды.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер