“КЕЛЕЧЕК ЖАРАТМАНЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 21.01.2021
  • 0

Кыргызпатент 19-ноябрда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте ойлоп табуулар боюнча “Келечек жаратманы” республикалык сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Олимпиадага республиканын бардык аймактарынан 900дөн ашуун мектеп окуучулары, 130 команда катышып, анын ичинен 26сы жеңүүчү аталды.

Долбоордун арасында “COVID-19” пандемиясына каршы күрөшүүгө багытталган балдардын чакан долбоорлору да бар.

«Автоматический бесконтактный дезинфектор» аттуу долбоордун автору Абдрахманова Назбийке “Техникалык моделдештирүү жана конструкциялоо” номинациясы боюнча биринчи орунду багындырды. Ал колду аралыктан коопсуз дезинфекциялоочу шайманды калкка жардамы тийип, “COVID-19” пандемиясынын таралышына бөгөт коюуга көмөктөшүү максатында иштеп чыккан.

 

“Техникалык моделдештирүү жана конструкциялоо” номинациясы боюнча

III даражадагы диплом менен:

– Черненко Никита – Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом менен:

– Шилов Артём – Бишкек шаарынын “Эрудит” окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

I даражадагы диплом:

– Абдрахманова Назбийке – Ош шаарынын А. С. Макаренко атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

“Электроника жана энергетика” номинациясы боюнча

III даражадагы диплом менен:

– Зубарев Илья – Бишкек шаарынын “Эрудит” окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом менен:

– Лузгин Юрий, Курбанов Амир – Бишкек шаарынын №12 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын окуучусу.

I даражадагы диплом менен:

– Фомин Илья – Бишкек шаарынын А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын 10-окуучусу.

«Робототехника» номинациясы боюнча

III даражадагы диплом менен:

– Алимжан уулу Байэл – Ош областынын Өзгөн районундагы №14 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом менен:

Пухов Никита – Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

I даражадагы диплом менен:

-Асанов Айбек, Эсенбеков Эльдар, Максат кызы Элита – Талас шаарынын “Билимкана-Талас” мектебинин 11-классынын окуучулары.

«Видеоролик» номинациясы боюнча

III даражадагы диплом менен:

– Маратова Рахима – Балыкчы шаарынын Л. Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом менен:

-Аманбаев Баястан, Тариэль уулу Тамерлан, Шаршенбаев Султан – Бишкек шаарынын “Илим” билим берүү комплексинин 8-классынын окуучулары.

I даражадагы диплом менен:

-Асылбекова Асема – Токмок шаарынын №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

 

Окуучуларга ар бир номинация боюнча өнөктөштөр тарабынан атайын белектер тапшырылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер