КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ

  • 07.02.2023
  • 0

КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ

Жакында Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу иштери боюнча проректору А.Иргашев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.Батаканова, башкы бухгалтер Г.Чекирова, каржылык-пландоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Абдылдаева жана университеттин лидер-студенттеринен турган өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман нуру” партиясынын лидери Н.Кадырбеков, билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева менен биргеликте Москва районундагы Беловодский айылындагы Атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде окуган окуучуларга кайрымдуулук акциясын өткөрүп келишти.

КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ

Иш-чарада окуучуларга арналган жагымдуу, көңүл көтөргөн, келечекке чакырган сөздөр айтылып, студенттер тарабынан концерт тартууланды.

Соңунда, жатак мектепте окуган окуучуларга белектер, кеңсе товарлары тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер