«КАРЫЯЛАРДЫ КАДЫРЛОО» АКЦИЯСЫ

  • 22.10.2020
  • 0

 Кара-Көл шаарындагы билим берүү мекемелеринде  «Карыяларды кадырлоо» акциясы жүрүп жатат.

Шаардагы билим берүү мекемелеринде 48 ардагер-билим берүү кызматкерлери эмгектенишет.

-«Карыяларды кадырлоо» айлыгынын алкагында  арабызда иштеп жаткан ардагерлерди сыйлоо, урматтоо, көңүл буруу иштери аткарылып жатат. Бүгүн сыйлык алгандардын арасында аралыктан окуутууда айырмаланган  ардагер мугалимдер да бар, —  дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Бул күнү ардагерлерге шаардык, облусттук профсоюздук комитетинен куттуктоо папкалары, грамоталар, белектер ыйгарылды.

«Карыяларды кадырлоо» акциясынын  алкагында үйүндө ардактуу эс алуудагы ардагерлерди сыйлоо дагы пландалып жатат.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер