КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!

  • 04.10.2022
  • 0

Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Абдрахман Жуманазаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-«б» классынын окуучулары айылдын улуу муунун Карыялар күнү менен куттуктады.

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!

Бул маанилүү иш-чаранын демилгечиси, англис тил мугалими Сатарова Чолпон элеттик жаштарды жаштайынан улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызааттоого тарбиялоо мектептеги тарбия ишинин өтө маанилүү багыттарынын бири деп эсептейт.

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!

— Бүгүн биз классыбыз менен айылдагы карыялардын үйүнө барып, белектерибизди берип, аз да болсо, аларды кубанычка бөлөдүк. Апалар ыраазы болуп, балдарга ак баталарын беришти, — дейт тарбиячы Сатарова Чолпон.

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер