КАРАВАНДАГЫ Н.МУСАЕВ АТЫНДАГЫ №8 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 04.07.2018
  • 0

КАРАВАНДАГЫ Н.МУСАЕВ АТЫНДАГЫ №8 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

2018-2019-окуу жылына төмөнкү адистер боюнча окуучуларды кабыл алууну жарыялайт

9-класс билими менен

Окуу мөөнөтү – 3 жыл

— Мелиорация боюнча устат (экскаватор, бульдозер, скрепер, автогрейдер, «С» категориясындагы айдоочу

— Фермер, ветеринар-оператор, тракторист-машинист, «с» категориясындагы айдоочу

— Тикмечи (швея)

11-класс билими менен

Окуу мөөнөтү – 10 ай

— Тикмечи (швея) – художник-стилист

— Газ жана электр менен ширетүүчү «С-1» категориясындагы айдоочу

— Экскаватор-машинисти, бульдозер-машинисти

3 айлык мөөнөт менен:

— тикмечи

— токарь

— ширетүүчү

Стипендия окуган бааларына жараша берилет:

Жалаң «5» (бешке) окуган окуучулар үчүн – 300 сом.

«4» жана «5» (төрт, бешке) окуган окуучулар үчүн – 250 сом.

Жалаң «4» (төрткө) окуган окуучулар үчүн – 200 сом.

Окуучулар үчүн шарттар:

— Акысыз үч жолу ысык тамак

— Акысыз жатакана

— Акысыз мончо

— Спорттук секциялар: (волейбол, баскетбол, футбол, грек-рим күрөш, стол теннис.

— Ийримдер (бий, эстрада, ыр, кол өнөрчүлүк).

Талап кылынуучу документтер:

— директордун наамына арыз

— билими жөнүндөгү күбөлүк аттестат

— №086 медициналык справка

— 3х4 өлчөмдөгү 4 даана түстүү сүрөт

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк (паспорт)

— 063 медициналык карточка

— жашаган жеринен справка

Документтер 2018-жылдын 25-августуна чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу комиссиясы 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.

Биздин дарек: Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, А.Кыпчаков көчөсү-29

Н.мусаев атындагы №8 кесиптик лицей.

Байланыш үчүн телефондор: 0773639807, 0779160373

Окуу жайдын таржымалы

 

Н.Мусаев атындагы №8 кесиптик лицей 1958-жылы ноябрь айында Караван айылында механизатор даярдоочу курс болуп ачылган. 1995-жылдын 21-июлунда кесиптик лицейге СССРдин эл мугалими Нажимидин  Мусаевдин ысымы ыйгарылган.

Азыркы учурда Каравандагы №8 кесиптик лицей түштүк Кыргызстандагы жумушчу кадрларды даярдоого кубаттуу окуу  жай болуп саналат.  №8 лицейинин 20 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеп жатышат.

Алардын ичинен Социалисттик эмгектин баатырлары: — Абдувап Тойгонбаева, Гапар Тешебаев, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты Маматов Нооман, Ленин, Октябрь Революциясынын, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин кавалерлери: Келди Турдыев жана Адан Бечелов.

Бүгүнкү күндө лицейде 430 студент окуйт.

биздин эмнебиз суктандырат?

 

Каравандагы Н.Мусаев атындагы №8 кесиптик лицей Кыргызстандын түштүк регионунда «Мелиорация иштери боюнча устат» адистерин даярдаган жападан жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Жогоруда айтылган кесиптин бүтүрүүчүлөрү республикабыздын бардык аймактарында жана Россия федерациясында экскаваторчу жана башкача техникалык жумуштарга орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Тайпаларды унаа-слесарь кесибине үйрөтүүдө өндүрүштүк окуу процесси атайын жабдуу менен камсыз болгон, б.а. бардык керектүү техникалык каражаттар менен жабдылган бөлмөлөрдө өтүлөт.

Фермер тайпалары үчүн өндүрүштүк сабактар лицейдин чарбалык бөлмөлөрүндө өтөт.

 

Бизде эмне бар?

 

  • Окуу корпусунда кесиптик предметтер боюнча 13, жалпы билим предметтери боюнча 16 бөлмө жайгашып, алар керектүү окуу куралдар жана башка техникалык каражаттар менен жабдылган. Мындан сырткары, лицейде заманбап 7 компьютер менен жабдылган бөлмө бар.
  • Тажрыйбалык жана өндүрүштүк сабактар үчүн токардык, слесарлык жана ширетүүчү устаканалар, ошону менен бирге 2 тигүү цехи бар.
  • Окуу корпусунда физика, химия, фермерлик, тракторлук, мелиорация жана автоунаа лабораториялары да жайгашкан.
  • Студенттер унаа айдоодо же аларды оңдоодо тажрыйбалык машыгуу, көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн автодром жана унаа көтөрүп-түшүрүүчү каражаттар бар.
  • Лицейдин чарбасында 54 га айдоо жери, 5 га бак жана 11 баш ири мүйүздүү жандыгы бар. Чарбанын продукциясы студенттердин тамак-ашынын сапаттуу жана түрдүүлүгүнө багытталган.
  • Лицейде 200 орундуу атайын кыздар жана балдар үчүн 2 жатакана бар.
  • Лицейдин ашканасы 150 орунга ылайыкташтырылып, студенттерге күнүнө 3 маал бекер ысык тамак берилет.
  • Спорт менен машыгуу үчүн жабык спорт зал жана стадион бар.
Бөлүшүү

Комментарийлер