КАРАНТИН УБАГЫНДА БАЛДАРГА КАРАМДУУ БОЛОЛУ

  • 25.04.2020
  • 0

Адистердин айтуусунда, үй-бүлөлүк зомбулуктан көбүнчө аялдар жана балдар жабыркайт.  Мурдатан ынтымак-ырыскы качкан үй-бүлөлөрдө азыркы карантин шартында чыр-чатак ого бетер ырбаганын көрүп жатабыз. Албетте, бул абдан өкүнүчтүү. Психологдордун аныктоосунда мындай учурда эң биринчи балдар менен өспүрүмдөрдүн али калыптана элек психологиясы өтө терең жабыркайт экен.

 

Глобалдуу проблема

Балдардын өз жанын кыюуга барган учурлары — кирешеси жогору болгон өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган деген пикир коомдо калыптанып калганы менен, бүгүнкү күндө бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө тараган глобалдуу проблема.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнө караганда, жылына суицидден 800 000 миңден ашык адам каза болот, бул ар бир 40 секунд сайын бир адамдын өмүрү кыйылганга барабар. Бул 15тен 29 жашка чейинки жаштар арасында көп кездешкен өлүмдүн экинчи орундагы түрү болуп эсептелет. Ошол эле учурда өз жанын кыюуга аракет кылгандар саны сегизден отуз миллионго чейин чамалайт. Аман калгандардын ар бир экинчиси бир жылдын ичинде жаман оюн кайталаганга аракет кылышат. Жыл сайын 10-сентябрда дүйнө жүзүндө “Суициддин алдын алуунун эл аралык күнүнүн” белгилениши бул проблеманын маанисин эл аралык деңгээлде тааныгандык болуп эсептелет.

КАРАНТИН УБАГЫНДА БАЛДАРГА КАРАМДУУ БОЛОЛУ

Жеке трагедиянын, туңгуюктун кесепети

Тилекке каршы, биздин Кыргызстанда да өз жанын кыйган учурлар көбөйүүдө. Өзгөчө өспүрүмдөр жана балдар арасында бул өтө курч турат. Ар бир жан кыюунун аркасында жеке трагедия, катастрофа, айласы куругандык, азап чеккендик, туңгуюкка баткандык турат.

Эгер статистикага көз чаптырсак, жашы жетелектердин мындай ишке барган себептери алардын 62% төмөнкүдөй көрүнөт:
• Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар;
• Чоңдор тарабынан болгон зомбулук;
• Курдаштары менен  кастык мамиле:

Өз жанын кыюуга аракет кылган өспүрүмдөр көбүнчө ата-энесинин, педагогдордун көңүлүн өзүнүн көйгөйүнө буруу же алардын кайдыгерлигине, мээримсиздигине, зомбулугуна протест көрсөтүү үчүн ушундай ишке барышат.

Жан кыюунун негизги үч группасы бар:
1. Чыныгы жан кыюу;
2. Демонстрациялык жан кыюу;
3. Жабык жан кыюу.

Мындан тышкары, төртүнчү бир түрү кластердик деп аталат. Бул өзгөчө журналисттерге таандык экен. Бул өтө кооптуу, оор теманы чагылдырууда, ар бир сөздү талдап, кылдат мамиле керек экенин дарыгер адистер баса белгилешет. Жанын кыйган өспүрүм тууралуу ЖМКларда боору ооруган, аны аяган жана башка ушул сыяктуу көркөмдөлүп берилген маалымат аны окуган айрым сезимтал өспүрүмдөрдүн жанын кыюуга себепчи болот экен. Ошондуктан, кесиптештер, бул теманы жазуудан, айтуудан мурун адистер менен кеңешип, ал теманын бардык оң, сол жактарын тастыктап алып, анан гана коомчулукка алып чыкканыңар туура.

Ошондой эле жамааттык жан кыюу — бул кандайдыр бир идеологиянын негизинде бириккен (дин, жаштардын топтошуп сыйынуусу) топтун реакциясынын натыйжасы.

КАРАНТИН УБАГЫНДА БАЛДАРГА КАРАМДУУ БОЛОЛУ

Көмөкчү факторлор

• эмоционалдык кыйынчылыктарга (толеранттуулуктун) чыдамкайлыктын төмөндөшү;
• акылдын өзгөчөлүгү, максимализм, чечим кабыл алганга али жетилбегендик;
• үй-бүлөлүк, турмуштук ахыбалдын начар болушу, коммуникативдик тутумдардын жеткиликсиздиги;
• адекваттуу эмес (жеке мүнөздөгү баарлашуу), өзүнө өзү баа берүүсү төмөндөтүлгөн, же жогору бааланган;
• жеке психологиялык коргонуусунун начардыгы;
• жашоонун баалуулуктарынын төмөндөшү же жоголушу.

Мындай кыймыл аракеттер жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша да бөлүнөт экен:
1. Балдар: 12 жашка чейин
2. Өспүрүм: 12-17 жаш
3. Жаштар: 17-29 жаш

Мүнөздүү белгилер

Балдар үчүн (12 жашка чейин) ачуусу тез келген (импульсивдүү) сыяктуу өз өмүрүнө кол салуунун кыймыл аракеттери мүнөздүү. Мунун себеби көбүнчө үй-бүлөдөгү чыр-чатактын болушу, ата-эненин балага карата агрессивдүү, терс мамилесинен келип чыгат.

Өспүрүм убакта (12-17 жаш) ачууга алдыруу (импульсивдүү) , ата-энеси, курдаштары, айрым учурда мугалимдери менен да чатакташкан учурлар өз өмүрүнө кол салуунун кыймыл аракеттерине мүнөздүү. Өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салууга өтө кылдат даярданган учурлар да көп кездешет. Анын негизги себеби психологиялык жактан жетилбеген дүйнө таанымда жатат.

Негизи, тажрыйба көрсөткөндөй, көп учурда жаман ойго берилген өспүрүмдөр өзүнүн айланасынан мугалим, ата-энеси, тууганы, кошунасы, таанышы болобу, жардам издөөгө аракет кылат экен. Ошондуктан баарыбыз, өзгөчө мугалимдер, балдарга азыркы кырдаалда көбүрөөк көңүл буралык.

Урматтуу достор, башка түшкөн кыйынчылыкты көтөрөлү, чыдамдуу бололу. Балдарды коргойлу. Балдар – биздин келечегибиз!

Айнура Майрамбек кызы

Бөлүшүү

Комментарийлер