Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

  • 22.08.2026
  • 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тарыхый музей реконструкциядан кийин жаңыланып, А.С. Пушкин атындагы эс алуу жайы да заман талабына ылайык кайрадан ишке берилди. Ачылыш аземдерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

Алгач МинКаб Төрагасы Каракол шаарынын Тарых-аймак таануу музейинин реконструкциядан кийинки ачылыш аземине катышты. Музейди жаңыртуунун алкагында имараттын архитектуралык келбети жакшыртылып, инженердик тармактар модернизацияланды жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 159 млн сом бөлүнгөн. Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

Музейде археологиялык табылгалар, этнографиялык жана тиричилик буюмдары, курал-жарактар, эмгек шаймандары, музыкалык аспаптар, улуттук зер буюмдар, ат жабдыктары, сүрөттөр жана башка тарыхый материалдар камтылган 14 миңге жакын экспонат сакталат. Алар Ысык-Көл аймагынын тарыхын, калктын жашоо-турмушун, каада-салтын жана маданиятын кеңири чагылдырат. Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

XIX кылымдын аягындагы архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган музей имараты Караколдун тарыхый мурастарынын бири болуп саналат. Анын жаңыланып, кайрадан пайдаланууга берилиши аймактын тарыхый-маданий баалуулуктарын сактоо, изилдөө жана кийинки муундарга жеткирүү үчүн маанилүү кадам болду.

Ошондой эле Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү, шаарларды көрктөндүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча саясатынын алкагында Каракол шаарында бир катар ири иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

Анын айтымында, акыркы жылдары шаардагы жолдор жаңыланып, жаңы турак жайлар курулуп, суу жана канализация системалары өнүктүрүлүүдө. Ошондой эле туристтик жана транспорттук инфраструктураны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

“Алгач Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жаткандыгын баса белгилеп айткым келет. 2026-жылдын январь–июль айларында ички дүң продукт 11,1 пайызга өсүп, 1 трлн 172,7 млрд сомго жетти. Негизги капиталга инвестициялар 59 пайызга өсүп, 238 млрд сомду түздү. Курулуш тармагындагы өсүш өзгөчө жогору болуп, 60,6 пайызга жетти”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал Каракол шаарында акыркы жылдары ички жолдордун 50 пайыздан ашыгы реконструкцияланганын белгилеп, “Хан-Теңири” кичи районунун курулушу, таза суу жана канализация системаларын жаңылоо, ошондой эле “Каракол” эл аралык аэропортун өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлор шаарды келечекке багытталган жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүн айтты.

“Караколдун инфраструктурасын бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке эсептеп өнүктүрүшүбүз керек. Караколубуздун эртеңи бүгүнкүсүнөн да көрктүү болуп, Ысык-Көлүбүздүн даңкы арта берсин”, – деди МинКаб Төрагасы. Караколдо А.Касымалиевдин катышуусунда тарыхый музей жана жаңыланган эс алуу жайы ачылды

Заман талабына жооп берген жаңыланган эс алуу жайында жашыл аймактар, балдар аянтчалары жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүлдү. Сейил бакты жаңыртууга жалпысынан 450 млн сом жумшалган.

Жаңыланган музей жана эс алуу жайы Каракол шаарынын тарыхый-маданий келбетин сактоо менен бирге шаар тургундары жана туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү объектилердин катарын толуктады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер