КАРА-СУУДА МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ ТАКТАЛУУДА

  • 06.02.2019
  • 0

Кара-Суу районунда мигранттардын балдарынын тизмеси такталып жатат. Бул иш үчүн акимдин штабы түзүлгөнүн райондук администрациядан билдиришти.

КАРА-СУУДА МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ ТАКТАЛУУДА

Маалыматка караганда, мигранттардын балдарынын тизмесин тактоо аларды адепсиз жоруктарга аралаштырбоо максатын көздөйт. Штабдар айыл аймактарда түзүлүп, чет өлкөгө кеткен ата-энелердин балдарынын тизмесин тактоо иштери уланууда. Райондук билим берүү, социалдык коргоо, медицина, айыл өкмөттүн кызматкерлери биргеликте айылдарда ар бир үйдү кыдырып жатышат.

Адистер балдардын тизмесин тактоо менен бирге миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары кимдин карамагында экенин жана кандай жардам керектигин аныктап, саламаттыгын текшерип жатышат. Мындай тактоо иштеринин жыйынтыгы февраль айынын аягында белгилүү болот.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер