КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

  • 05.10.2020
  • 0

5-октябрда Бишкекте балдардын “Сейтек” эстетикалык борборунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналып өткөрүлгөн салтанатта билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерди куттуктап, алдыңкы педагогдорго сыйлыктарды тапшырды.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

“Сиздер элибиздин башына кандай кыйын — кысталыш күндөр келсе да, кабагым-кашым дебей, мугалимдик улуу касиетиңиздер менен жоктон бар кылып, караңгыдан жол таап, изденүү жана умтулуу менен балдарыбызга билим берүүнүн түрдүү усулдарын жаратып, мугалим деген улуу атты бийик кармап келе жатасыздар. Мугалимдик эрктүүлүгүңүздөр, балдарга болгон сүйүүңүздөр, кесиптик ар-намысыңыздар, акыл-эстүү көз карашыңыздар, коомубузга позитив берип, келечегибизге карата ишеним жаратат. Кандай сыноолорго тушуксак да, сабырдуулук жана чыдамкайлык менен, мугалимдик касиетти бийик тутуп, устаттык вазийпаны бек кармап, коомдо адамдарды бириктирүүчү күчүңүздөр менен, өлкөбүздүн адам капиталын өнүктүрүүгө татыктуу салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар”, — деди министр.

Каныбек Исаков  ошондой эле оору жайылган пандемия учурунда мугалимдин жаңы образы ачылып, санарип мугалимдердин жаңы мууну жаралып жатканына да токтолду.

“Биз Сиздер менен билим берүүнүн тарыхындагы эң кызыктуу учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз. Окуучуларга аралыктан билим берип, жаңы технологияларды өздөштүрүп, санарип мугалимдин жаңы муунун жараттык. Албетте, жаңы нерсеге дайыма коомдо сындар айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул иш аракетибиз аргасыздыктан чыгуунун жолу болду. Бирок кыргыз билим берүүсү бир топ инновациялык тажрыйбаларды, жаңы технологияларды, компотенцияларды өздөштүрө алды”.

Министр ошол эле учурда мектепти, мугалим менен окуучунун жандуу баарлашуусун, бетме-бет олтуруп, берген билимин, мугалимдердин мээримин, адамдык мамилесин эч нерсе алмаштыра албайт деп белгилеп, окуучулар сагынып күткөн мектептерди ачууга убакыт келгенин белгилей кетти.

Министрдин өзүнүн колунан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси сыйлыгын алган мугалимдердин арасында Бишкек шаарындагы №48 гимназия мектебинин дене тарбия мугалими Пенкина Юлия, №12 гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектурова Дилбара, Аламүдүн районундагы Озерный орто мектебинин физика мугалими Кучмуратова Асимкан, Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук мектебинин башталгыч класстар мугалими Осмонова Анар, Чүй районундагы жатак мектептин улуу тарбиячысы Орозматова Айсалкын ж.б бар.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “САНАРИП МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МУУНУН ЖАРАТТЫК”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер