КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕЗГИЛДИН ЧАКЫРЫКТАРЫНА ДАЯР БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 25.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрликтин кызматкерлери, окутуучулар жана студенттер россиялык философ, методолог Петр Щедровицкийдин лекциясына катышышты.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕЗГИЛДИН ЧАКЫРЫКТАРЫНА ДАЯР БОЛУШУ КЕРЕК”

25-апрелде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Петр Щедровицкий “Өнөр жай революцияларынын логикасы жана университеттик билим берүү функцияларынын эволюциясы” деген темада лекция окуду.

Министр Каныбек Иманалиев Петр Щедровицкийге ыраазычылык билдирип, билим берүү системасы мезгилдин чакырыктарына даяр болушу керектигин айтты.

Бөлүшүү

Комментарийлер