КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “60-ЖЫЛДАРЫ КЫРГЫЗ АЙЫЛДАРЫНДА МУГАЛИМДЕН ӨТКӨН КАДЫРЛУУ АДАМ БОЛГОН ЭМЕС”

  • 26.04.2023
  • 0

“Азыр билим берүүнүн технологиясы, приоритеттери, форматтары өзгөрдү. Ошол билим берүүдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдүн башында мектеп директору болушу абзел. Мектептеги билимдин, мугалимдердин профессионалдык деңгээли мектептин директоруна байланыштуу”, — деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча өтүп жаткан көчмө коллегияда билдирди.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “60-ЖЫЛДАРЫ КЫРГЫЗ АЙЫЛДАРЫНДА МУГАЛИМДЕН ӨТКӨН КАДЫРЛУУ АДАМ БОЛГОН ЭМЕС”

Министрдин айтымында, билим берүү системасын улуттук педагогиканын өзөгүндө түзүп, советтик билим берүүнүн, азыркы дүйнөлүк билим берүү системаларынын жакшы жактарын алып иштеп чыгуу керек. Үч тилдүү (кыргыз, орус, англис) билим берүү адатка айланышы зарыл.

“Президент, Министрлер Кабинети, Парламент жана өкмөттүк эмес уюмдар бардыгы биргеликте билим берүүгө реформа  жасай турган тарыхый учур келди. Бизден мурунку муун бизге билим берүүнүн күчтүү пайдубалын: илимий билим жана мыкты мектеп системасын, жогорку окуу жайлар тармагын, китепканаларды, ошондой эле кесипкөй мугалимдер менен окутуучулардын өзүнчө бир доорун түзүп беришти.

Биз азыр таптакыр башка доордо жашап жатабыз. Биз агрардык өлкөдөн индустриалык өлкөгө өтүү үчүн 30 жыл, индустриалык фазадан санариптик фазага өтүү үчүн да 30 жыл убакыт керек болду, эми алдыда трансиндустриалдык өнүгүүгө өтүү мезгили турат.

21-кылымда илимдин төрт түрү өнүгүүсү болжолдонуп жатат. Булар нанотехнология, биоинженерия, материалтаануу жана IT-технология”, — деди министр.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев 60-жылдары кыргыз айылдарында мектеп мугалиминен өткөн кадырлуу адам болбогондугун, коомчулук үчүн мугалимдер интеллигенциянын алдыңкы өкүлү, адептүүлүктүн эталону катары каралгандыгына токтолуп, биз эң ириде мугалимдердин мурунку социалдык статусун кайра калыбына келтиришибиз керек деп кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер