КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ : ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

  • 19.10.2020
  • 0

Жыл сайын Кыргызстанда 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин Күнү белгиленет.

2019-жыл социалдык башкаруу программасы жана милдеттүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 5,7 миң адамды түзгөн.

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого анын ичинде Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттарга карата чыгымдардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда анын бардык чыгашаларынын 16 пайыздан 19 пайызга чейин туура келген, ал эми ушул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйүп турган жана 2019-жылы 32 млрд. ашык сомду түзгөн.

2019-жылы жалпысынан Социалдык фонддун чыгымдары (анын ичинде мамлекеттик бюджеттен келип түшүүлөрдүн эсебинен төлөмдөр) 2015-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн жана 53,5 млрд. сомго жеткен. Алардын негизги көлөмү (85 пайызы) пенсияларды төлөөгө багытталган.

2019-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 402 миң адамды түзгөн. Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпул алуучулардын саны 309 миң адамды башкача айтканда 93 пайызды түзөт, ошону менен бирге социалдык жөлөкпул алуучулардын саны – 93 миң адам саналат.

2019-жылдын аягына карата Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун эсепке алуусунда турган пенсия алуучулардын саны 715 миң адамды түзгөн. Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2015-жылы 4 896 сомдон, ал эми 2019-жылы 5 960 сомго чейин көбөйдү.

КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ : ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (216 доллар) жана Казакстанда (201 доллар), ал эми эң аз – Тажикстанда (35 доллар) жана Өзбекстанда (80 доллар) болуп белгиленген.

2018-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын өлчөмү (АКШ доллары менен)

КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ : ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАРРеспубликанын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Улутстаткомунун Пресс-кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер