КАДЫРОВА ШАРИЙПА НЕКРОЛОГ

  • 28.12.2022
  • 0

Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. 2022-жылдын 4-декабрында 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор, филология илимдеринин доктору Кадырова Шарийпа Кадыровна дүйнөдөн кайтты.

КАДЫРОВА ШАРИЙПА НЕКРОЛОГ

Кадырова Шарийпа 1944-жылы 1-январда Ысык-Көл районундагы Карал-Дөбө айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, 1960-жылы азыркы И.Арабаев мурдагы В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине кирип, 1965-жылы англис тил бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун 1965-1966-жылдары Чолпон-Ата шаарындагы С.Киров атындагы орус мектебинде англис тили мугалими болуп баштаган. 1966-1989-жылдары Кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетинин англис тил кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 1990-2015-жылдары ошол эле кафедрада профессордун милдетин аткаруучу, профессор, кафедра башчысы болгон. 1965-жылдан 2022-жылга чейин миңдеген мугалимдерди тарбиялады, алар Кыргызстандын ар бир аймагында жаш муунга англис тилин үйрөтүп, эмгектенип жүрүшөт.

Үй-бүлөлүк шартына токтолсок, Шарийпа Кадыровна Имангазиев Кулубек аганын сүйүктүү жары, бир уул, бир кызды татыктуу тарбиялаган эне, эки неберенин таенеси жана беш неберенин сүйүктүү чоң энеси болгон.

Кадырова Шарийпа билим тармагына эле көңүл бурбастан илимий ишти дагы бирге алып 1982-1994-жылдары КР УИАнын алдындагы тил жана адабият фонетика бөлүмүнүн аспиранты болгон. 1988-жылы КР УИАнын фонетика, фонология бөлүмүндө Кыргыз улуттук университети менен биргелешкен илимий советинде “Азыркы кыргыз тилдериндеги санаттарды эксперименталдык изилдөө” темасында, илимий жетекчиси филология илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү
Т.Ахматов жана Ж.Сыдыковдун жетекчилигинде кандидаттык диссертациясын коргогон. 1988-жылы кандидаттык наам берүүчү диплом Москва шаарынан бекиген, доцент наамы 1990-жылы Москва шаарынан ыйгарылган. 1990-2015-жылдары англис тилин окутуунун технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасын жетектеген жана 2012-жылы профессор наамы бекиген (КР ЖАК). Филология илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Ж.Сыдыковдун илимий жетекчилиги менен “Англис, кыргыз тилдеринин фонетика, фонология, фонолингвистика системаларын эксперименталдык салыштырып изилдөө” темасынын үстүндө иштеп, 2018-жылы сентябрь айында Кыргыз улуттук университети, КР УИА, Кыргыз-Орус Славян университети биргелешкен илимий кеңешинде доктордук ишин коргогон. Бул иш абдан көп талкуудан өткөн.

Шарийпа Кадыровна жаш муунга илимий жактан жол көрсөтүп, жыйынтыгында беш филология илимдеринин кандидатын, көптөгөн аспиранттарды жана магистранттарды чыгарган.

Азыркы И.Арабаев мурдагы В.Маяковский атындагы Педагогикалык институтту жана бир жыл Чолпон-Ата шаарындагы орто мектептеги эмгек жолун эсептей келгенде, бир жерде 55 жыл жаш муунга англис тилин үйрөтүү менен алек болгон. Аны менен бирге тектеш эмес англис, кыргыз тилдериндеги тыбыштар жана башка фонетика-фонологиялык кубулуштарды изилдеп, илимий изилдөөлөр Ленинграддагы Л.Щерба атындагы эксперименталдык лабораториясында эки айлык эксперименттен өткөрүлүп, ошондой эле эки айлык эксперимент Лондон, Кэмбридж университеттеринде Лондондун жанында жайгашкан Сарри шаарындагы (илимий борбор) эксперимент лабораториясында илимий иштердин эксперименталдык бөлүмдөрүн өткөргөн. Ошолордун жыйынтыгын жогоруда аталган иштер жана көптөгөн басылып чыккан макалалар, окуу китептери жана монографиялар түздү.

55 жылдык зор ишмердиги үчүн төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган:

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары:
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги (1984-ж.);
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы (2006-ж.);
  4. Эмгектин ардагери медалы (1995-ж.);
  5. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (2006-ж.);
  6. И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору (2008-ж.);
  7. КР ЖАКтын чечими менен профессор наамы берилген (2011-ж.).

Шарийпа Кадырованын жаркын элеси Кыргызстандын элинин, билим берүү жана илим коомчулугунун, И.Арабаев атындагы КМУнун, Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун жамаатынын жана миндеген окуучуларынын эсинде дайыма сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер