“КААРМАНДАР БИЗДЕ МЕЙМАНДА”

  • 04.12.2018
  • 0

Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Кундуз Токтаматова 4-классынын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусу менен «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында «Каармандар бизде мейманда» деген тема боюнча класстан тышкаркы саат өткөрдү.

“КААРМАНДАР БИЗДЕ МЕЙМАНДА”

“КААРМАНДАР БИЗДЕ МЕЙМАНДА”
Сабактын негизги максаты — окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана ата-энелердин бул процесске катышуудагы активдүүлүгүн күчөтүү. Сабактын конкурс түрүндө өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 4-класстын адабий окуу предметинин программасына ылайык өтүлгөн темалардагы каармандар, алардын образдары, бул образдардагы оң жана терс сапаттар, алардын тарбиялык мааниси боюнча талкуу болду. Талкуунун жыйынтыгы менен ата-энелер балдары менен биргеликте каармандар боюнча ырларды жазып, дубал газеталарды чыгарышты.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер