АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

  • 26.04.2024
  • 0

Бүгүн, 26 — апрелде тогуз колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү. Мектеп окуучулары арасында ашпозчу, кондитер, IT, автоэлектрик кесиптерине суроо-талап жогору болду.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы быйыл үчүнчү жылы өткөрүлүп жатканын айтып, ар бир адам жумушчу кесипке ээ болуусу азыркы замандын талабы экендигин баса белгиледи.

— Бүгүнкү иш-чарага Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан профессионалдык коллежд, лицейлер катышты. Кыргызстандын башка облустарында дагы өткөрүүүнү пландоодобуз. Аземдин негизги максаты — шаар жашоочуларына, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине бизде кандай кесиптер бар экендигин көрсөтүү. Кыргызстанда жүз элүүдөн ашык кесип ээлерин даярдап чыгуучу жүзгө жакын кесиптик лицей бар. Алардын ичинен кырктан ашыгы эң актуалдуу кесиптер. Аларга: сантехниктер, ашпозчулар, кондитерлер, программисттер жана тигүүчүлөр кирет. Акыркы жылдары негизги талап программисттерге болууда. Бизди башка жогорку жана орто билим берүүчү тармактарынан айырмалап турчу нерсе көндүмдөргө ээ болушат. Биздин заманда кошумча көндүмдөр чоң мааниге ээ. Жумушчу кесиптин ээси болсоң, эч качан ачка калбайсың, — деди орун басар.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинин директору Таалайбек Орунтаевдин айтымында, кесиптер фестивалы жаш муун үчүн кесипке багыт берүүчү жакшы иш-чара болуп саналат. Ошондой эле иш-чарага келген окуучулардын арасында ашпозчу, автоэлекрик, автомалярдын кесибине суроо-талап жогору болгонун кошумчалады.

—  Жогорку билим керек, бирок андан да маанилүүсү кесиптик билим экендигин ар дайым айтып келем. Жаш муун өзүнүн келечекте ким болорун  билбей жатса, ушундай иш-чаралар аркылуу биз жол көрсөтүп берсек жакшы жыйынтык болоруна ишенем. Биздин лицей ар кандай багыттагы окуулар, курстарды сунуштайт. Ашпозчу, кондитер, автоэлектрик, тикмечи багыттарынан тышкары, жаңы кесиптер: тейлөөчү-бармен, клинер багытындагы кесиптерди да ачтык. Мисалы, учурда кофейнялар көп. Өзүмдү эле айтсам, күнүнө эки ирет кофе ичем. Ошондуктан бармен —  учурдун актуалдуу профессиясы. Биз да кесиптик лицейдин базасында кофейня ачсак болот, — дейт директор.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Компьютердик жана кеңсе техникаларын оңдоо-тейлөө, тиричилик техниканы оңдоо, компьютердик дизайн, компьютердик графика, веб-сайтты иштеп чыгуу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ашпозчу адистиктерин даярдаган №93 кесиптик лицейдин директору Анара Серекова окуу жайда окуучулар дуалдык билим берүү багытында да окуп, окуу жылдын аягында өндүрүштө эмгектенген адистер экзамендин негизинде жумушка кабыл аларын айтты. Ошондой эле ЗD лазердик принтерлердин жардамында кеңсе буюмдары: органайзерлерди, брелокторду жасарын, жакында сатыкка чыгарарын кошумчалады.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Иш-чарада 9-10-11-класстын окуучулары суроо-талапка ээ болгон кесиптер, кесиптик билим берүү мекемелери менен жеринен таанышты. Ошондой эле  катышуучулар үчүн ар түрдүү оюндар уюштурулду. Окуучулар ар кандай кесиптерди мимикалар аркылуу көрсөтүп, баалуу белектерди утуп алышты. Аларын бири —  Новоповловка айылынын №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алтынай Рыскулова. Ал ашпозчулук кесиби боюнча кайсы окуу жайга тапшырарын билбей жаткандыктан, фестивалга туура багыт алуу, окуу жайдагы шарттар тууралуу маалымат алуу максатында келген.

  • Кичинекей кезимден бери ашпозчулук кесибине кызыгам. Тамактарды жасагандан чоң күч-кубат алам. Фестивалдан №25, №10 лицейдин жамааты ашпозчулук адистиги боюнча берген кенен маалыматы таасирдүү болду.  Буйруса, окууну аяктасам ушул эки окуу жайдын бирин тандайм деген чечим чыгардым, — дейт.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Фестивалдын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу компаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Турдугүл Тилек кызы, “Кут Билимдин” практиканты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер