Күзгү Хакатон: ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

  • 29.11.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Германия прикладдык информатика институту тарабынан уюштурулган университеттер аралык Күзгү Хакатонго ОшМУнун студенттери 3-орунду багындырды.

Күзгү Хакатон: ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

Хакатонго программист адистерин даярдаган республикадагы жогорку окуу жайларынан барган командалар катышты. ОшМУнун атынан Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “ОшМУ 1”, математика жана информациялык технологиялар факультетинин “ОшМУ 2” командасы катышып, жыйынтыгында, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “ОшМУ 1” командасы 3-орунду ээледи.

Окутуучу Токтобубу Арапова жетектеген команданын курамында 3-4-курстун студенттери: Акматбек кызы Венера, Баяман Жолонов, Кымбатбек уулу Низами катышты.

Күзгү Хакатон: ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

Университеттер аралык Күзгү Хакатондо “ОшМУ 1” командасы кечки саат 19-00дөн танкы саат 8-00гө чейин РСК банктын “Электрондук кезек” микросервистик программасын түзүү тапшырмасын аткарышты.

Студенттерге уюштуруучулар тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылып, РСК банкы жумушка алуу сунушун билдирди.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер