КӨРКӨМ НАРК ЖАРАТКАН КЕСИПКӨЙ ПЕДАГОГ

  • 30.05.2020
  • 0

Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, драматург Асангүл Абдыгулова өткөн айда 80 жашка чыкты.

КӨРКӨМ НАРК ЖАРАТКАН КЕСИПКӨЙ ПЕДАГОГ

Асангүл Абдыгулова кыргыз педагогдорунун арасынан көп жылдык кынтыксыз кызматы менен катар адабий чыгармачылыктын тизгинин кошо кармап, ар дайым көркөм изденүүдө жүргөндүгү жана өзүнүн коомдук күжүрмөн позициясы менен бөлүнүп, өзгөчөлөнүп турат.

Ат-Башы районундагы чокусун ак көк муз баскан тоолордун койнундагы алыскы Ак-Моюн айылында туулуп өскөн чыйрак кыз мектепте окуп жүргөндө эле педагог болуу максатын алдыга бекем койду. Мектепти бүтөрү менен Нарындагы педагогикалык окуу жайына кирди. Элүүнчү жылдардын аягында Нарын шаарындагы мектеп-интернатта башталгыч класстардын мугалими болуп эмгек жолун баштады.

Андан кийин эмгек жолу Балыкчы шаарындагы №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде уланды. Ошол убакта окуу менен айкалыштырып, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуду. Асангүл эженин кийин чыгармачылыкка жакын болуп калганынын алгачкы себеби, балким, ушунда болуш керек. Себеби, журналистика бөлүмүнө ошол убакта көбүнчө чыгармачылык чымыны бар балдарды тандап алышат эле. Бирок баары бир педагогдук изденүү, өсүп өнүгүү биринчи орунда турду. Ошондуктан 1964-68-жылдары Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтуна которулуп, окуусун улантты.

Андан кийинки кырк жылдан ашык мезгилге созулган педагогикалык ишмердиги негизинен Ысык-Көл менен Нарын областындагы мектептерде өттү, анын ичинде  Балыкчыдагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуу бөлүм башчысы, (1968-72) Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинде директор (1972-74),  Ат-Башы районундагы “Жаңы-Күч”, “Кызыл Дыйкан” орто мектептеринде директор (1974-79), анан кайрадан Балыкчыдагы №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору (1979-82), ушул эле мектептин окуу бөлүмүнүн бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими болду (1985-2003).

Советтик заманда кыргыз мектептеринде талап да күчтүү, мугалимдердин да кесиптик деңгээли жогору болгону белгилүү. Жергиликтүү жана жогорку деңгээлдеги комиссиялар мектептердеги окуу-тарбиянын деңгээлин кайра-кайра текшерип, тыным берчү эмес. Элеттик мугалимдердин түйшүгү белгилүү го, бир жагынан үй оокатын караш керек, балдар али жаш. Эженин бактысына, баш кошкон өмүрлүк жолдошу абдан күйүмдүү болду, эгер анын түшүнүгү, активдүү колдоосу болбосо, жетекчи кызматты аткаруу аял кишиге оңой болбойт эмеспи. Жолдошу Сапарбек Касмамбетов өзү дагы жаш кезинен эл алдына чыгып ырдап, элге таанылып, бир жагынан мектепте, экинчи жагынан маданий кароо-сынактарда жүрдү.

Окуучуларга сапаттуу билим берүүнүн заманбап ыкмаларын колдонуп, педагогикалык окууларга үзбөй катышып, мезгилден артта калбоого тырышты. Кыргыз адабиятын сахналаштыруу аркылуу окутууну Кыргызстанда өзүнчө бир жаңы деңгээлге көтөрүп, маанилүү тажрыйба катары жайылткан бирден бир көрүнүктүү мисал ушул Асангүл эженики болду десек жаңылышпайбыз. Жогорку класстын окуучуларынын арасында “Эргүү” драмалык ийримин түзүп, Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры”, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” жана башка адабий чыгармаларды өзү дагы сценарийин түзүп, көркөмдөп иштеп чыгып, мектеп сахнасына алып чыкты. Адабий чыгараларды сахналаштырып окутуу боюнча жыйнаган бай тажрыйбасынын негизинде 1996-жылы “Сахна сабактары” деп аталган усулдук эмгеги жарык көрдү.

КӨРКӨМ НАРК ЖАРАТКАН КЕСИПКӨЙ ПЕДАГОГ

Лондон шаарынын метросунан калган бир элес

Ошондой эле 1994-95-жылдары Лондонго барып келгенден кийин өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзүнүн автордук программасын иштеп чыкты. Анын негизинде Балыкчыдагы Бөкөнбаев атындагы мектептин 8-9-класстарына “Дүйнөлүк  көркөм маданият” сабагын киргизди. 1999-2000-жылдарда “Манас таануу” боюнча автордук программасы экинчи жолу 5-6-класстарда окутулду.

1995-2000-жылдары Бөкөнбаев атындагы мектепте өзүнүн демилгеси менен “Мурас” улуттук этнографиялык музейин уюштурду. Бул эмгеги ошол убакта мектептин жана билим берүүнү башкаруу органдарынын жогорку баасына татыктуу болуп, 2000-жылы “Жылдын мыкты адамы” аталып,  мугалимдердин республикалык биринчи курултайына делегат болуп шайланды.

Баш аягы агартуу майданында 44 жыл бою каруусун казык, акылын казык кылып иштеген Асангүл эже бардык учурда эмгектин алдыңкысы болду, аты чыкты, сый-урмат көрдү, кадыр-барк күттү. “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, “Энелик даңк” экинчи даражадагы медалынан баштап, “Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу болду, “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңирген эмгеги үчүн” пенсия алган алдыңкы ардагерлердин тизмесине кирди. “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” катары кадырланды.

КӨРКӨМ НАРК ЖАРАТКАН КЕСИПКӨЙ ПЕДАГОГ

Педагогикалык өнөр менен катар адабий чыгармачылыгына да көңүл бурууга убакыт таап жатты. Айрыкча, ардактуу эс алууга чыккан 2004-жылдан кийинки чыгармачылыгы өзүнчө дүркүрөп жакшы кетти.  Бир топ драмалары өзүнчө жарыяланып, көпчүлүгү жергиликтүү гана эмес, борбордук театрлардын сахнасына чейин коюлду.

“Салиманын бактары” 2004-жылы Балыкчы элдик театрында, “Бурулча” драмасы 2010-жылы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драма театрында жана Кыргыз академиялык драма театрында коюлду.

“Элес” драмасы 2015-жылы Улуу ата мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Кыргызстандын эл артисти Назира Мамбетова тарабынан коюлуп, ушул күнгө чейин театрдын репертуарында турат.

КӨРКӨМ НАРК ЖАРАТКАН КЕСИПКӨЙ ПЕДАГОГ

“Калк энеси Каныкей” деген эпостук тарыхый драмасы 2016-жылы Жантөшев атындагы областтык драма театрында сахналаштырылды.

Драмаларынан сырткары педагогикалык көп эмгектери өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. “Сахна сабактары” (1996), “Мен көргөн Лондон” (1966), “Дил баян” (2003), “Эркетай” (мектеп жашына чейинки балдар үчүн, 2005);  Көркөм-адабий, изилдөө багытындагы “Ой толгоо” (2006), “Гүл өмүр” (2009), “Манасчы Сапарбек Касмамбетов” (2014) “Манас дүйнө”(ырлар жыйнагы, 2015), “Драмалар жыйнагы” ( 2015),“Боогачы менен Үкөй” ж.б.

Асангүл эженин чыгармалары менен китептерин эле тизмектөө өзүнчө бир узун тизме болуп кетет. Ал эми ар кандай деңгээлде коомдук уюмдардан, чыгармачыл уюмдардан алган сыйлыктары, наамдарынын бирин билсек, бирин унутуп калышыбыз мүмкүн. Бирок бул узун тизменин, сыйлыктардын артында чыгармачылык зор түйшүк, талыкпаган изденүү,  интеллектуалдык кайнаган мээнет турганы түшүнүктүү.

2017-жылы “Ала-Тоо айымдары” коомдук уюму “Үлгүлүү үй-бүлө” медалы менен сыйлады. Асангүл эже менен Сапарбек ата балдарынын баарына мыкты тарбия берип, өстүрүштү. Эң улуу баласы Сүйүнтбек көп жылдан бери мамлекеттик кызматта, Жогорку Кеңештин аппаратында жетекчи. Би-Би-Сиде кыргыз кызматын негиздеп, башынан бери иштеп келаткан кыздары Гүльнара менен Акчолпонду бүт кыргыз журту тааныйт. Башка кыздары Айнара, Динара, Чынара – баары өзүнчө очор-бачар үй-бүлө, өзүнчө иши бар, эчтекеден кем эмес.

Быйыл жыл башында Асангүл апанын өзүнүн 80 жылдык мааракесин агартуу жана чыгармачыл ишмерлердин курчоосунда маданий-интеллектуалдык иш чаралар менен өткөрүү жөнүндө жакшы ою бар эле. Бирок жашоонун өзүнүн мыйзамдары бул турмуштук планга өзүнчө өзгөртүү киргизди. Январь айында өмүрлүк жолдошу, бүтүн кыргыз таанып сыйлаган манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов 88 жашка караган куракта акка моюн сунду. Андан кийин бүт дүйнөнү каптаган жаман илдеттин айынан өлкөдөгү бардык массалык иш чаралар токтоду. Ошол себептүү эл сыйлаган эженин мааракесин расмий деңгээлде белгилөө кечирээк убакытка жылып жатат. Биз ушул мааракелик окуянын алдын ала эжейдин педагогикалык жана чыгармачылык жолуна азын-оолак токтолуп, өзүнчө сөз  баштап жатабыз. Асангүл эже кыргыз педагогикасына жана маданий казынасына кошкон чоң салымы үчүн мамлекеттик жана коомдук деңгээлде көңүл бурулуп, сый-урмат менен мааракесин өткөрүүгө бардык жагынан татыктуу деп эсептейбиз.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” газетасынын редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер