КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУ

  • 12.04.2024
  • 0

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУ11-апрелде кечинде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында  Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов  3-орунду ээлеп, коло байгелүү болушту.

2020-жылы Азия чемпиону болгон Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттешинде өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде утуп, коло медаль тагынды. Бул анын Азия чемпионаттарында бешинчи коло байгеси болуп саналат.

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУАл эми  Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип коло байгеге татыды. Алибек 2021-жылы дүйнө чемпионатында коло байге уткан.

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУ97 кг салмакта Андрей Аронов коло байге үчүн күрөштө индиялык атаандашына алдырып койду.

Азия чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында 3 алтын, 1 коло медаль уткан Ирандын балбандары лидер болууда. Экинчи орунда 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло байге менен Жапония келүүдө.

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУБүгүн 12-апрелде Азия чемпионатынын экинчи күнүндө эркектер арасында эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль үчүн мөрөй талашуулар болот. Килемге Кыргызстандан Азия чемпиону Тайырбек Жумашбек уулу жана 2015-жылдагы Азия чемпиону Айаал Лазарев баш болгон 5 спортчу чыгат.

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУ

61kg FS — Taiyrbek ZHUMASHBEK UULU (KGZ)

Алдын ала мыктыларды иргеп алуу беттештери саат 11:00дө башталат.

61 кг чейин — Тайырбек Жумашбек уулу (Азия чемпиону 2023)

74 кг чейин — Канат Керимбеков (алгач ирет катышууда)

86 кг чейин — Атай Изабеков (2018-жылдагы дүйнө чемпионатында 10-орун)

92 кг чейин — Нуртилек Карыпбаев (ЧА-2023 боюнча 12-орун)

125 кг чейин — Айаал Лазарев (Азия чемпиону, 2015)

Бул жолу дагы Азия континенти боюнча 30га жакын өлкөдөн тандалган мыкты балбандар күч сынашууда.

11-апрелдеги Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземине  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов жана КРнын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БАЙГЕ УТТУЭске салсак, Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бүгүн 12-апрель күнү  эркин күрөш боюнча 5 салмакта күч сынашуулар болот. ,13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер болмокчу.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер