КӨП ТИЛДҮҮЛҮК – ЫНТЫМАККА ӨБӨЛГӨ

  • 26.02.2021
  • 0

25-февралда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын жыйынтыктоочу иш-чаралары болуп өттү.

Иш-чарада университеттин тил үйрөтүү борборлорунун жана тиешелүү кафедраларынын көргөзмөлөрү жана презентациялары сунушталып, ар кайсы улуттун тилинде ырлар жана бийлер  аткарылды. Ага КМТУнун ректору Чыныбаев М.К., Кыргызстандагы ТОМЕР тил үйрөтүү борборунун мүдүрү Ахмед Гозубол, Кыргызстандагы Конфуций институтунун директору Ду Хуа жана башкалар катышты.

Салтанатты КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Төрөбеков ачып, майрамдын катышуучуларына жана конокторго каалоо-тилек айтып, эне тил күнүнө арналган иш-чара менен куттуктады.

Конфуций классы чай берүү аземин көрсөтүү менен бирге каллиграфия чеберчилиги менен тааныштырышты. Кытай операсы ушул класстын окутуучусу Маметова Азиза тарабынан мыкты чеберчилик менен аткарылды.

Түрк маданияты жана тили борборунун бийчилери улуттук бийи менен көрүүчүлөрдүн назарын  бурушту. Ошондой эле бул жерден көрүүчүлөр түрк даамын татышты.

Орус тили кафедрасы орус элинин улуттук бийи менен залдагы коноктордун көңүлүн бурду.

Чет тилдер, Немис тил борбору  мыкты китеп көргөзмөсүн уюштурду. Ал эми Кыргыз-Корей борбору көрүүчүлөргө корей оюндарын тартуулашты. Көргөзмөнүн соңунда кичи жыйындар залында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу иш-чаранын расмий бөлүгү болуп, ТОМЕР түрк курстарынын директорунун орун басары Мустафа Булут, Конфуций классынын окутуучусу А.Маметова, Немис тил борборунун жетекчиси Ш.Т.Токтосунова, орус тили кафедрасынын башчысы Ж.Барсанаева, кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул к.А.,  англис тили кафедрасынын окутуучусу А.Чыныбаева презентацияларын жасашып, алдыга коюлган пландарын, сунуштарын айтышты.

Иш-чара университеттин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер