КӨП ТИЛДҮҮЛҮК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 04.06.2019
  • 0

 Көп тилдүүлүк, анын ааламдашуу доорундагы чакырыктары, жогорку окуу жайларда көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруу сыяктуу бир катар маселелер Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунда өткөн «Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин биримдиги жана тилдердин ар түрдүүлүгү» аттуу эл аралык илимий-практикалык  конференцияда талкууланды.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарада кыргызстандыктардын биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясаты ишке ашырылып жатканы, кыргыз, орус тилдери менен бирге дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык тилдерди эркин билген жаңы муунду өстүрүү, тарбиялоо процессин жигердүү жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди. Жаштардын эне тилин жана чет тилдерин билүүсү дүйнөнү таанууга, ар түрдүү өлкөлөрдүн тарыхый, маданий жана социалдык тажрыйбасын өздөштүрүүгө негизги курал катары колдонууга, болочоктогу адистерге дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу мүмкүнчүлүгүн арттыруунун ишенимдүү булагы болуп каларында шек жок экендиги айтылды.

  • Өткөн кылымдын 80 жылдарында америкалык окумуштуулар ааламдашуу терминин колдоно башташкан, бул термин бүгүнкү күндө биздин турмушубузга келип кирди. Көп тилдүү, көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин, алардын чөйрөсүн талдоо абдан зарыл болуп турат. Кыргызстанда билингвизим — орус тили менен кыргыз тили куштун эки канатындай келген. Бирок бүгүн ааламдашуу доорунда биздин жаштарыбыз технологиянын тили болгон дүйнөлүк тилдердин бирин билиши зарылдык болуп турат. Ошондуктан биздин жаштар англис, немис, кытай тилдерин үйрөнүүгө умтулуп жатышат. Андыктан биз ошол жаштардын суроо-талабын канааттандырып беришибиз керек. Ал үчүн окутуунун тактикасын, стартегиясын аныктап алышыбыз зарыл болуп жатат, — дейт КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев.

Азыр дүйнө жүзүндө эмес бир мамлекетте бир же эки тил менен оокат кылуу кыйындап баратканын айткан Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун ректору Борис Кубаев жаштарга тил үйрөнүүдө шарт түзүп берүү зарылдыгын, ал үчүн база, кесипкөй адистер зарыл болуп жатканын баса белгиледи.

— Ошондуктан биз ушул маселеге көңүл буралык деп аракет кыла баштадык. Бүгүнкү иш-чара бул маселеге көңүл бөлгөн биринчи конференция болуп жатат. Бул абдан актуалдуу маселе. Кытай, Казактандан бери келип катышып жатышат. Албетте,  биринчи кезекте балдар өз эне тилин билиши керек. Андан сырткары дагы кеминде эки тил билүүсү замандын талабы болуп жатат. Жыйырма, отуз жыл мурда мындай проблема жок болчу, — дейт Б.Кубаев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер