КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ: 99 КЕСИП БОЮНЧА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ КУРСТАР

  • 02.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду катталган жерине карабастан, 16 жаштан 63 жашка чейинки каалоочулар үчүн иш берүүчүлөрдүн буюртмалары боюнча кыска мөөнөттүү курстарды (1 айдан 6 айга чейин) уюштуруу жана өткөрүү максатында иш берүүчүлөр ассоциациясы, инвестициялык долбоорлор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка буюртмачылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Азыркы учурда КӨФтүн тандоосунан (алдын ала квалификациядан) өткөн республиканын 67 окуу жайы (колледждер, лицейлер, жеке окуу борборлору) тандалып алынды жана кыска мөөнөттүү курстар үчүн алар боюнча 99 кесиптин тизмеси бекитилди.

Өткөн жылдары Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 22 794 адамды окутту, алардын ичинен 75% ишке орношту, аялдардын гендердик курамы 47% түзөт.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер