К.ИМАНАЛИЕВ: “АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМИЙ РЕЙТИНГГЕ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

  • 25.04.2023
  • 0

Бүгүн 25-апрелде, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетинде профессор Г.А.Баляндын 95 жылдыгына арналган конференциялык иш-чара болуп өттү.

К.ИМАНАЛИЕВ: “АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМИЙ РЕЙТИНГГЕ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, университеттин ректору Рысбек Нургазиев, коомдук ишмерлер, университеттин мугалимдери жана студенттер катышты.

Конференция алгач лабараториялык кабинеттерди тааныштыруу менен башталып, жыйындар залында коноктордун куттуктоо сөздөрү менен уланды.
Билим берүү жана илим министри юбилейдик иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал келечекте агрардык университеттин потенциалы жогору экенин баса белгилеп, эң негизги беш жагдайга токтолду.

  • Биздин азыркы университеттер жасалма интеллекттен артта калбашы керек. Бул бүгүнкү күндүн реалдуу нерсеси. Экинчи жагдай албетте өндүрүш. Мисалы Японияда ар бир үчүнчү илимий борбор 90% өндүрүшкө байланышкан. Биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде эмнени түшүндүк? Агрардык университетсиз Кыргызстанды алдыга жылдыра албайт экенбиз. Бүгүн сиздер окутуп бүтүргөн адистердин тыянагы жок биздин эт, сүт, жер-жемиш, балык ж.б. бир дагы азык дүйнөлүк базарга чыга албайт экен. Үчүнчү жагдай, бүгүнкү күндө Агрардык университет кыргыз экономикасындагы эң алдыңкы окуу жайга айланышы керек. Силер бизге, Кыргыз Өкмөтүнө илимий тастыктоочу болушуңар керек. Ал эми төртүнчү жагдай, Агрардык окуу жай дүйнөлүк илимий мейкиндикке чыгышы керек. Ал үчүн дүйнөлүк илимий рейтингдик журналдарга макалаларды чыгаруу зарыл. Буюрса май айынан баштап Кыргызстандын илимий рейтинги жогорулайт. Себеби алдынкы эки журналга биздин илимпоздордун англис тилине которулган илимий макалалары жарык көрөт. Бешинчи жагдай бул Кыргызстанга сапаттуу, керектүү, билимдүү кадрларды даярдоо,-деди Каныбек Иманалиев.

К.ИМАНАЛИЕВ: “АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМИЙ РЕЙТИНГГЕ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

Иш-чарада профессор, айыл чарба илиминин доктору, илимге эмгек сиңирген ишмер Григорий Айказович Баляндын уулу, көрүнүктүү бизнесмен Г.Г.Балян сөз сүйлөп бардык катышуучуларга жана конокторго ыраазычылыгын билдирди.

  • Урматтуу Каныбек Капашович, кымбаттуу университеттин жетекчилери, ардактуу коноктор жана студенттер. Мен абдан толкунданып турам. Себеби атамдын 95 жылдык юбилейи ушундай жакшы саамалык менен коштолуп жатат. Негизги баса белгилеп кетчү нерсе бул министр Каныбек Иманалиевдин өзү келип катышып, куттуктоо сөзүн арнап жаткандыгы. Мен атамдай мыкты инсандын уулу экендигиме сыймыктанам. Баардык катышуучуларга жана университет жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем,-деди.

Эскерте кетсек Г.А.Балян 1928-жылы 10-январда Азербайжанда төрөлүп өскөн. 1983-жылга чейин СССРдин көптөгөн өлкөлөрүндө иштеп, 1984-жылдан баштап Кыргыз Улуттук Агрардык университетинде агроинженердик институтунда эмгек жолун улаган. Кыргыз илимдер академиясынын илимий ишмери, айылчарба илиминин доктору, профессор. Айыл чарба багытында эки илимий ачылыш жасоого жетишкен.

Ал эми анын уулу Г.Г.Балян учурда көрүнүктүү бизнесмен. Атасынын атын өчүрбөй, университет менен тыгыз иштешип, окуу жайга колунан келген жардамын көргөзүп келет.

К.ИМАНАЛИЕВ: “АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМИЙ РЕЙТИНГГЕ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

Конференциялык иш-чара студенттер тарабынан даярдаган концерттик программа менен коштолуп, мыкты жетишкендиктерге жетип, окуу жайда өзүн активдүү алып жүргөн студенттер грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер