КӨЭУда ЭС АЛУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 01.02.2024
  • 0

Бүгүн, 1-февралда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мугалимдердин жана студенттердин окуудан сырткары маданий эс алуусун камсыздоо максатында атайын эс алуу борбору ачылды.

КӨЭУда ЭС АЛУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борбордун ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, проректорлор, окутуучулар жана студенттер катышты.

Ректор борборду ачуунун негизги максаты окутуучу менен студенттин,   жетекчилик менен ар бир кызматкердин эркин пикир алмашуусуна жетише турган достук аянтчасын түзүү экенине токтолуп, бул эркиндик аянтчасын ар бири туура пайдаланып, окуу жай дүйнөдөгү топ университеттердин катарынан орун алышына жол ача турган жаңы идеялар жаралсын деген тилегин билдирди.

КӨЭУда ЭС АЛУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Аталган эс алуу борборунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жалпы студенттери жана эмгек жамааты акысыз Wi-Fi түйүнүн, китеп, журналдарды пайдаланууга шарттар каралган. Ал эми борбордун тазалыгын, тартибин студенттик жаштар комитети көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер