КӨЭУ ДА “АЧЫК ЭШИК” КҮНҮ ӨТТҮ

  • 11.05.2024
  • 0

Бүгүн, 11-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кесипке багыт берүү максатында «Ачык эшиктер” күнү болуп өттү.

КӨЭУ ДА “АЧЫК ЭШИК” КҮНҮ ӨТТҮ

Аталган иш-чарада окуу жайдын факультет, колледж, лицейлери билим жарманкесин, кесиптердин парадын, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын сынактарды уюштурушту.

Окуу жайдын  ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков келген конокторго окуу жайдын жетекчилери менен тааныштырып, университет тууралуу кыскача маалымат берип, жаштарды татыктуу билим алууга үндөдү.

КӨЭУ ДА “АЧЫК ЭШИК” КҮНҮ ӨТТҮ

“Ачык эшиктер” күнүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, ата-энелер конок катары чакырылган. Келген коноктор каалаган адистиги боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болуп, университеттин бардык факультет, колледждеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

КӨЭУ ДА “АЧЫК ЭШИК” КҮНҮ ӨТТҮ

Кесипке багыт берүү иш-чарасына 2000ге жакын мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрү, таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер