КӨЭАУда МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

  • 27.05.2022
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы корпусунда “Жогорку билим берүү интеграциясындагы университет менен мектептердин диалогу” аталышындагы эл аралык тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Устинов атындагы “ВЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университетинен келген өкүлдөр, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы өзбек тилдүү мектептер үчүн окуу куралдарын даярдоо борборунун кызматкерлери, Ош облустук өзбек маданияты борборунун өкүлчүлүгү, Ош шаарындагы жана облусундагы орто мектептердин директорлору катышты.
Чакырылган коноктор алгач университеттин материалдык-техникалык базасы, менен таанышып чыгышты.
Андан соң иш-чаранын конокторуна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин атайын даярдалган презентециясы көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев менен “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик университетинин ректору, профессор Константин Иванов аталган окуу жайлардын ортосундагы эл аралык кызматташтык жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери 2+2 форматында билим алып, кош дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандыгын белгилешти.
Ал эми өзбек тилдүү мектептер үчүн окуу куралдарын даярдоо борборунун жетекчиси жергебиздеги өзбек тилдүү улуттук мектептерди окуу куралдары менен Кыргыз-Өзбек Эл аларык университети камсыз кылып жаткандыгына токтолду.
Ага улай эле келген коноктор аталган университеттин өзбек тилдүү мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылып, үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп тургандыгына ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле өтүп жаткан иш-чара мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көрүлгөн мыкты камкордук экендигин айтышып, достукту туу туткан бул университет менен мындан нары тыгыз байланышта иш алып бара тургандыгын айтышты.
Иш-чаранын катышуучуларына атайын даярдалган сертификаттарды жана белектерди тапшыруу менен иш-чара жыйынтыкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер