“ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ, ҮЙРӨН” АТТУУ ВЕБИНАРЛАРДЫН СЕРИЯСЫ БАШТАЛДЫ

  • 07.04.2020
  • 0

Өлкөдөгү билим берүү мекемелери дистанттык окутуу формасына өткөндүгүнө байланыштуу, “Үйдөн чыкпай, үйрөн” аттуу бир айлык вебинарлардын сериясы башталды. Бул тууралуу аталган саамалыктын демилгечиси, “ММК Колдоо Борбору” Фондунун өкүлү Айчурек  Усупбаева билдирди.

“ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ, ҮЙРӨН” АТТУУ ВЕБИНАРЛАРДЫН СЕРИЯСЫ БАШТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, буга чейин өткөн үч күндүк вебинардагы катышуучулардын өтүнүчүн эске алып, бул вебинарлар апрель ичи, ар күнү саат 21:00 дө уюштурулуп турмакчы. Андан тышкары жаңы шарттарда билим берүү жараянынын бардык катышуучулары туш болуп жаткан айрым олуттуу көйгөйлөр эске алынып, ага жараша маалыматтар берилет.

“Азыркыдай кырдаалда буга чейин биздин фонд менен кызматташтыкта болуп келген Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясынына тилектештигибизди билдирип, мугалимдер, зарыл болгон учурда ата-энелер үчүн вебинарларыбызды бир айга узартууну чечтик. Бул бир айлык вебинарыбызда ютуб-каналыбыз жана фейсбук баракчабыз аркылуу катышуучулардын сунушунун негизинде темалар аныкталып, тийиштүү адистерди чакырып турмакчыбыз” деп кошумчалады А.  Усупбева.

Вебинарга катышууну каалоочулар YouTube же Facebook баракчасынан төмөнкү шилтеме аркылуу кирип турса болот.

https://www.facebook.com/msc.kg/

https://www.youtube.com/channel/UCRC9m3qa0VAA9-SfTmLYmFA

 

Бөлүшүү

Комментарийлер