ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ — ӨНӨР

  • 26.10.2020
  • 0

1991-жылы Кыргыз  Республикасындагы  122  кесиптик – техникалык  окуу  жайында 230 кесипте, 60  миң адам  окуган. Ар тараптан өнүккөн өлкөлөрдө баштапкы кесиптик билим берүү тармагы орчундуу орунду ээлеп турат. Жумушчу жана дыйкандарды жаңыланган технологияны өздөштүрүү менен компьютердик башкарууну билдире үйрөтүүнү камсыз кылган. Мамлекеттерде эң жетиштүү жашоо жана жаңылануу байкалат.

Байыртадан бери кесипкөй өнөрлүүлөрдү калк кадырлап келген. Ар бир кесип ардактуу. Өзү сүйгөн кесибинин устаты, ээси болуп чыгуу үчүн кесип тандоодон баштап өнөргө үйрөнүү жана үзүрлүү талыкпаган эмгек гана адамды ийгиликтерге жеткирет. Эмгектен бакыт тапкандар арбын. Негизги күч жумушчу жана дыйканга жүктөлүп алардын көрсөткүчү экономикага зор таасирин тийгизет. Кесипке үйрөтүүчү окуу жайларына оор түйшүк жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз кызмат кылган, өлкөбүзгө күч кубатын жумшап келген, жумушчу жана дыйкандарды тарбиялап чыгарган жана кесипке ээ кылган баштапкы кесиптик билим берүү системасынын эгемендүүлүк алганга чейинки баскан жолун жарылап коюну туура көрдүк.

Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик –техникалык  билим  берүү системасынын өнүгүү  тарыхы

Баштапкы кесиптик-техникалык  билим  берүү системасынын  өнүгүүсү  бир  нече  этаптарга бөлүнөт.

1917 — 1920 ж.ж.  Туркестандын  элге  билим  берүү  комиссариятынын  чечими менен Кызыл- Кыяда, Сүлүктүдө  4 жумадан 8  айга  чейинки курстар шахталарда  уюштурулган.

1921 — 1929 ж.ж. 1923-жылы Кыргыз  Өлкөсүндө  алгачкы  ФЗО (Фабрика — заводдордо  окутуу) пайда  болгон. 1925 –жылы  Кызыл-Кыяда Тоо –Кен  өндүрүшү  үчүн  үч  жылдык  мектептерде кен  казуучулар,  монтерлор, слесарлар  даярдала  баштаган. Кара — Сууда  пахта  тазалоо, Аламедин  ГЭСинде, Пишпекте ишканаларда  үйрөтүүчү  бөлүмдөр  уюштурулган.  1926 -27 — окуу  жылы  Фрунзе, Пржевальск, Жалалабад  шаарларында  кесиптик — техникалык  окуу  жайлары  ачылган.  1927 — 28 — окуу  жылы  Ош  аймагындагы  13  окуу  жайында  кесиптик  багыт  менен 1175  адам    билим  алган.

1930 —  1940 ж.ж.  Өндүрүшкө  керектүү  кадрларды  даярдоодо,  кесиптик — техникалык  билим  берүү  системасынын   желесинин  жайылуусун камтыйт. СССР элге  билим  берүү  комиссарияты «Эмгек  резервинин башкы  башкармачылыгын  уюштуруу»  жана  «Фабрика — заводдордогу  окуу  жайларына, кол  өнөрчүлүк   училищаларга  шаардын  жана  колхоз  жаштарын чакыруу»  -токтомун  чыгарат. Эмгек  резерви  системасы  баардык  кесиптик  мектептерди  жана  кол  өнөрчүлүк  училищаларды  бириктирет.

1941 — 1958 ж.ж.  Улуу  Ата  Мекендик  согуш  жылдарында  кесиптик — техникалык  билим  берүү  системасы  оор  шарттарга  кабылат.  Согуштан  кийинки  жылдарда  ишканалардагы  техникалык  жабдуулардын  жаңырышы татаал  кесиптерге  үйрөтүүнү  талап  кылды.  1955 — жылдары  толук  орто  билимдүү  жаштарды  тез  арада  кесипке  окутуп  үйрөтүүчү (ТУ)  техникалык  училищалар  ачылган. Эмгек  Резервинин  түп  тамырынан  бери  өзгөрткөн  кайра  жаралуусуна  СССР  Жогорку  Советинин

«Мектептердин  турмуш  менен  байланышын  бекемдөө  жана  элге  билим  берүү  системасын  өнүктүрүү»   мыйзамынын  кабыл  алынышы  болгон.  Мыйзамда  бир  типтүү  1  жылдан  3  жылга  чейинки  шаардык  кесиптик – техникалык (ГПТУ),  1  жылдан  2  жылга  чейинки  айылдык кесиптик-  техникалык (СПТУ)  окуу  жайларына  өткөрүү  белгиленип,  8 — классты  аяктагандарды окутуу, кесипке  үйрөтүү  жана  тарбиялоо  милдеттерин  койгон  жаңы  багыттагы  окутуу  ыкмаларын  камтыган  система  пайда  болгон.

1959 — 1970 ж.ж.  Сапаттуу  окутуу,  билим  берүү  жана  кесипке үйрөтүү  системасынын  пайда  болгондугун  айгинелейт. 1959 — жылдын  башында  24 окуу  жайы кесипке  үйрөткөн. Кесиптик — техникалык  окуу  жайлары  жаштарга  толук  орто  билим  берүү  менен   эл  чарбасынын  мекеме, ишканаларына  жана  айыл  чарбасына  жогорку  квалификациялуу  кадрларды  даярдап  берген.  Эң  башкысы  жана  орчундуусу  3  жана 4  жылдык  кесиптик  үйрөтүүчү  окуу  жайларынын көбөйүшү  болгон.

1971 — 1990 ж.ж.  Кесиптик — техникалык  билим  берүү  системасынын  өнүгүүсүнүн  жана жаңылануусунун жакшы  жылдары  болгон.  1980 — 1981 — окуу  жылында  Өлкөдө  баардык  окуу  жайлары  орто  билим  берүүгө  жана  техникалык  училищаларга  айландырылган.

1991 — жылдан  кийинки мезгил  СССРдин  ыдыроосу   жана базар  экономикасынын  пайда  болгон  учуруна  туш  болгон.  Квалификациялуу  жумушчу  кадрлардын  көбөйүшү  менен  мүнөздөлөт.  1991-жылы Кыргыз  Республикасындагы  122  кесиптик – техникалык  окуу  жайында 230 кесипте, 60  миң адам  окуган.

Кесиптик- техникалык  билим  берүү  системасын  өнүктүрүүгө  өз  салымдарын  кошкон  инсандардын  катарында Мамлекеттик  кызматкер,  өзгөчө  кадыр  баркка  ээ, биздин  аксакал  Тойгомбаев  Жаманкул  Тойгомбаевич (1956 — 1976 ж.ж.)  жана  Мамлекеттик  кызматкер  Касендеев  Ильяс  Касендеевич (1977 – 1998 ж.ж.)  жана  көптөгөн  системанын  патриоттору  кирет.

Эгемберди Усупов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер